Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

10:30 Пара алуу күчөөдө


Акыркы август ичинде пара менен 22 киши кармалган. Ал эми кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып 19 адамга тагылган. ИИМ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча пара менен кармалгандардын ичинде электр энергиясын көзөмөлдөөчүлөр, салык инспекциясынын, милициянын жана башка кызматкерлер, поезддин узатуучулары бар. Пара алгандардын көпчүлүгү документтерди мыйзамсыз жол менен даярдап берүү, электр энергиясы үчүн жана салык төлөмдөрүнүн төлөнбөгөндүгүн жаап-жашырууга акча алуу менен көмөктөшкөндөр. Ал эми №18 Москва-Бишкек каттамындагы поезддин №4 жана №16 вагондун узатуучулары белети жок жүргүнчүлөрдөн акча алганы үчүн кармалышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG