Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Кечээ Дүйшөмбү шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде ага мүчө мамлекеттер Орусиянын Грузияга каршы саясатын тикелей колдоого албай тең салмактуу саясатты кармашты. Cаясат таануучу Марс Сариев “Азаттыктын таңкы маегинде “аймактардагы кырдаалдарды эске алганда НАТО сыяктуу ШКУ күчтүү аскерий бирикме боло албайт”, - деп баалады.

Марс мырза, бул жолку Дүйшөмбү шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Орусиянын Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендүүлүгүн тааныганы тууралуу жарлыгы колдоо таппаганы кабарланууда. Анда Түштүк Осетия маселесин Орусия Грузия менен сүйлөшүү жолу аркылуу чечүү керектиги сунушталыптыр. Муну менен ШКУнун ичинде Орусиянын кадыр-баркына доо кетти десе болобу?

- Менин оюмча бул маселе боюнча Орто Азия менен Кытай саммитте саясатты жакшы эле тең салмактуу кармаганга аракет кылып жатты. Чындыгында, Орусиянын кадыр-баркына доо кетти десе болот. Орус президенти Дмитирий Медведев ШКУга мүчө мамлекеттерден колдоо издеп жаткан. Бирок азыркы саясий кырдаалды эске алып ШКУ саясий тең салмактуулукту кармады.

Айрым байкоочулар ШКУдан колдоо табууга ишенген президент Дмитрий Медведев тилегине жетпей, саясий айдыңда утулду деген пикирлерге кандай карайсыз?

- Орто Азия менен Кытай Орусияга тикеден тике каршы чыккан жок. Грузия менен Орусиянын ортосундагы тирешүүнү тынч жол менен жөнгө салуу сүйлөшүү жолу менен чечилсин деген көз карашта болушту.Чынында түздөн түз колдоо болбогону бул Орусияга ШКУнун каршылыгы эмес. Бирок Орусия азыр башкалардан бөлүнүп обочолонуп калды.

- Эгерде Грузияга карата Орусиянын саясатын ШКУнун мүчөлөрү колдоп кете турган болсо, анын кесепеттери кандай болот эле?

- Дүйнөдө өтө татаал кырдаал жаралмак. Анда эки блок түзүлмөк. НАТО менен ШКУ аскерий блокко өтүп кетмек. Илгеркидей “холодная война” болмок. Кырдаал абдан оорлошуп, мунун кесепеттери жакшылыкка алып келмек эмес.

- Иран мамлекети дагы ШКУга мүчөлүккө кызыкдар болуп жатат. Эгерде саммитке байкоо жүргүзүшкөн Иран, Пакистан, Индия бул уюмга мүчөлүккө кабыл алынса НАТО, Еврошаркет сыяктуу абройлуу уюмдарга тең ата боло алабы?

- Менин оюмча ШКУга туруктуу мүчө катары Иранды жакын арада кабыл алышпайт. Андан башка Индия менен Кытайдын дагы өз ара проблемалары абдан көп. Ошондуктан ШКУ НАТОдой күчтүү өзүнчө саясат жүргүзө ала тургандай уюм боло албайт. Жакында дагы Пакистан менен Индиянын ортосунда проблемалар болду. Орусия менен Кытайдын ортосунда деле көйгөйлөр көп да. Ошондуктан ШКУ күчтүү аскерий уюм боло албайт. Бул ич ара экономикалык маселелерди чече турган, аймакта террорчулукка каршы жана бажы каттамдары боюнча кызматташа турган эле уюм болот деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG