Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

14:20 ИИМ: Милиция кызматкери баңзаттан өлгөнү тууралуу маалымат калп


Мындай маалыматты ИИМ басма сөз кызматы таратты. Анда айрым маалымат агенттиктери тарабынан такталбаган маалыматтар элге таратылып жаткандыгы айтылган. “Милиция кызматкери баңзатты ашыкча колдонуудан каза тапкандыгы тууралуу 24.kg маалымат агенттигинде жарыяланган маалымат калп. Анда айтылгандай №4 оорукананын аймагынан милиция кызматкеринин өлүгү табылганы анык, бирок анын өлүмүнүн себебин аныктоо иштери азыр жүрүп жатат. Экспертизалык иштер бир айга чейин созулушу ыктымал,” деп билдирет ИИМ басма сөз кызматы. Мындан тышкары ушул эле маалымат агенттигинде жарык көргөн “Баңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси Анвар Алиев милиция кызматкеринин колунан каза тапкан,” деген маалымат да чындыкка дал келбейт, деп кабарлайт ИИМ. Билдирүүдө айтылгандай Анвар Алиевдин өлүмү боюнча ишти Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG