Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

ЛӨ МЬЕР: КЫТАЙДЫ ОРУСИЯНЫН ГРУЗИЯНЫН ЖИКЧИЛ АЙМАКТАРЫН ТААНУУСУ ЧОЧУТТУ


Амирбек Усманов, Прага Кытай менен Орусиянын мамилеси бир кылка болгон эмес. Бир жылдары марксчыл эки өлкө коюн колтук жүргөн достордон болушса, кийинчерээк чырлаша кетип, өз өз жолуна түшкөн. Постсоветтик мезгилде килейген эки өлкөнүн алыш-бериши жакшырса да, «казаны» башка. Президент Медведев ШКУнун Дүйшөмбүдө өткөн жыйынында Грузияга байланыштуу Батыш-Орусия арасында чыккан эрегиште, Бээжин Москваны колдойт деп күткөн. Бирок Кытай Орусияны ачык колдогон жок. Бул жөнүндө Лондондогу «Jane” маалымдоо кызматынын Кытай боюнча серепчиси Кристиан Лө Мьер «Азаттыкка» интервью берди.

«Азаттык»: - Кытай Орусиянын Грузиядагы аракеттерин, тагыраак айтканда жикчил Абхазия менен Түштүк Осетияны тааныганын колдогонго көңүлдөнбөй койду. Мунун себебин кандай түшүндүрөсүз?

Лө Мьер: - Албетте, Кытай дүйнөнүн ар кандай бөлүктөрүнүн күнкорсуздугун бир жактуу жарыялаган ар кандай саясый кыймылга катышууну каалабайт. Кытайдын эки провинциясы: Синзьян Уйгур автономиялык региону жана Тибет автономиялык региону болочокто ошондой жолду тандашы мүмкүн.

«Азаттык»: - Сиз ушу таптагы Кытай- Орусия мамилесин кандай мүнөздөйт элеңиз?

Лө Мьер: - Жалпысынан алганда, Орусия менен Кытайдын мамилеси жакшы эле. Орусия Кытайды курал жарак менен камсыздаган негизги өлкө. Кытай орусиялык куралдын эң чоң базары. Акыркы жылдары алардын өз ара соодасы олуттуу өстү. Ортодо эки жактын тынчын алган да суроолор бар. Орусиянын Ыраакы Чыгышында мыйзамсыз иштеп жүргөн көп сандаган кытайлыктар алкактагы демографиялык жагдайды ылдам өзгөртүүдө. Жалпылап айтканда, эки өлкө арасындагы көптөгөн стратегиялык маселелер такталды. Өз ара кызматташууга жолтоо болуп турган чек ара талашы быйыл жөндөлдү.


«Азаттык»: - Акыркы бир нече жылда Кытайдын саясый жана экономикалык кубаты аябай өстү. Буга Орусия тырчып жаткан жокпу?

Лө Мьер: - Жок. Менимче, Орусия Кытайдын кубаты өскөнүнөн, айрыкча, oтун энергия базарын ачканынан пайда көрүүдө. Кытай мунай-газды жана энергия продукциясын мүмкүн болушунча көп алганга куштар. Кытайдын экономикасы өскөн сайын курал жаракка болгон талабы да өсөт. Ошон үчүн, Кытайдын түрдүү ресурстарга болгон табитинин араандай өскөнү канчалык пайдалуу экенин Орусияда билишет. Бирок ошол эле мезгилде Кытайдын душман жана атаандаш болуусун каалашпайт.

«Азаттык»: - Орусиянын Грузияга басып кирүүсү Кытайда мурдакы мезгилдегидей коркуу сезимин жарткан жокпу?

Лө Мьер: - Бээжинди непеда болочокто Орусия Борбор Азияда үстөмдүк кылып калбайбы, дипломаттык кысымын күчөтпөйбү деген суроо тынчсыздандырат. Андай кооптонууга азыр негиз жок сыяктуу. Бирок Шанхай Кызматташуу уюмунундагы Орусия-Кытай арасындагы атаандашууга, Москванын ар кайсы жактагы таасирин өстүрүү аракетине Кытай этият байкап турат.
XS
SM
MD
LG