Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

ГРУЗИЯ МЕНЕН СОГУШ ОРУСИЯНЫН ВТОго КИРИШИН АРСАР КЫЛУУДА


Муса Мураталиев, Москва Грузия-Орусия урушу эми эки өлкө ортосундагы дипломатиялык тирешүүгө өткөнү баарыга дайын болуп калды. Ошол эле учурда бул жаңжал Орусиянын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуусуна жолто болуп жатканын айтылууда. Батыш расмий түрдө Москванын бул дүйнөлүк уюмга киришине каршы эмес. Ал эми Москва болсо аталган уюмга жакынкы жылдары кирээринен күмөнү бар. Андыктанбы, Орусия ушул аптадан тартып Кошмо Штаттар менен соодасын чектегендей түрдө, атап айтканда океандын ары жагынан келчү тооктун этин алуудан баш тарткан.

Орусия Бүткүл дүйнөлүк соода (ВТО-Всемирная Торговая Организация) уюмуна кирүү үчүн 15 жыл удаа аракет жасап келет. Бир ай мурда аталган уюмга кирүүгө чукулдап калганын өкмөт журналисттерге маалымдаган эле. Ал арада Кремль Грузия менен урушка кире коюп Орусия батыштык, деги эле эл аралык соодадагы бараандуу өнөктөрү менен алакасын бүлдүрүп алды. 23-августта АКШнын соода министри Карлос Гутиеррес: «Грузиядагы кырдаалдан улам Орусиянын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна өтүүсү коркунучта», - деп билдирди.

Арадан бир күн өткөндө (25-августта) орус өкмөтүнүн биринчи орун басары Игорь Шувалов Орусия жакынкы жылдары Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүү келечегин көрө албайт деп айтып чыкты. Ошону менен бирге анын өлкөсү бул уюмга кирээр алдында өз ыктыяры менен алган келишимдердин кай бирлерин аткара албайт деп билдирди. Ал эми Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин бул уюмга кирүү шарттарында ачык-айкындык менен катар адилеттүүлүк болуш керек деген пикирде:

«Биз өзүбүздүн товар өндүрүүчүлөрүбүздү коргоо маселесин абдан олуттуу ойлонушубуз керек. Мунун өзү биздин ВТОну карай жасап аткан стратегиялык багытыбыздан баш тартуу дегенди билдирбейт, бирок бул маселеде кандайдыр бир ачык айкын, элементардык адилетчилик үстөм сүрүүгө тийиш»

«Газета» басылмасы ошондон улам «ВТО эшигин тарс жаап ала элегинде, Москва озунуп, сүйлөшүүлөрдү токтото турууну сунуштады», - деп жазды. Серепчилердин баасында Орусия баш тартып аткан келишимдерде негизинен айыл чарбасы өндүргөн товарлар, биринчи кезекте Кошмо Штаттардан алынып келчү тооктун эти болот. Эт өндүрүү боюнча улуттук ассоциациясынын жетекчиси Сергей Юшиндин «Азатыкка» айткан пикири боюнча:

«АКШдан алынуучу канатуунун эти жалпы квотанын 74 пайызын түзөт. Быйылкы жылы анын 72 пайызын тартып келгенбиз. Анын себеби америкалык тоок эти Европадан же Бразилиядан келчү этке караганда арзан.»

Орусиялык талдоочулар Кавказдагы аскердик жаңжалдан кийин Батыш менен Орусиянын алакасы болуп көрбөгөндөй ыдыроонун үстүндө экендигин айтышууда. АКШнын президенти Жорж Буш “Грузиянын жикчил эки аймагын Орусиянын көз карандысыз деп таанышы глобалдуу чекте коркунуч туудуруучу маселе”, - деп баалады.

Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуу Орусияга кадыр-барк үчүн гана керек деген пикирдеги талдоочулар да бар. Анткени, дүйнөлүк соода базарларына чыгуучу орусиялык товарлар анча деле көп эмес, негизинен чийки зат түрүндөгү товарлар гана болбосо.

Вена шаарындагы Эл аралык экономикалык институттун директору Петер Хавликтин айтканына караганда, Орусия үчүн Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүү мүмкүнчүлүгү тап-такыр жоголгон жок:

«Орусия соодадагы алакасын, таза экономика жана баадан түшүүчү пайданы дүйнө боюнча Кошмо Штаттар менен Евробиримдиктеги мамлекеттерден табат. Бирок ага Орусия өз колу менен жасап жаткан каргашалары тоскоол болууда. Болбосо ал бир эле энергия кубатын өндүрүү же металлын экспортоо боюнча канча пайда табаар эле. Мунун баарынын ачкычы Орусиянын өз колунда. Ошол эле учурда ВТОго мүчө болбой туруп андай чоң сода жүргүзүү таптакыр мүмкүн эмес.»

XS
SM
MD
LG