Өкмөт башчынын буйругу менен 31-август Эгемендүүлүк майрамы жекшембиге туш келгенине байланыштуу бул күнкү эс алуу 1-сентябрга жылдырылды. Билим күнү мектептер эшик ачканына байланыштуу окуу жайлар менен мектептердин эс алуу күнү 6-сентябрга которулду. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)