Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

28-августа Тажикстанда Шанхай кызматташуу уюмунун саммити болду. Саммитте Москва Түштүк Осетия жана Абхазияны таануу боюнча саясатына колдоо таба алган жок. Кыргызстан президенти суу-энергетика, транспорт жана коммуникация багытында кызматташууларды өнүктүрүүгө чакырды. Бул арада Бишкекте АКШнын Улуттук гвардиясынын командачысы Стивен Блумдун келгени кабарланды.

Шанхай кызматташуу уюмунун 28-августа Тажикстанда болгон саммити Орусия менен батыштын мамилесинин кескин курчуу убагына туура келди. Москва ШКУнун өтө маанилүү мүчөлөрүнүн бири катары Дүйшөмбү саммитинде батыш менен тирешүүсүндө ШКУ мүчөлөрүнөн колдоо күткөн. Бирок саммиттин документтеринде Орусиянын Түштүк Осетиядагы аракеттери колдоого алынган менен, андан кийинки аракеттерине үн кошулган жок. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов Орусия Тажикстанда колдоо таба алган жок деп эсептейт:

Мындай учурда Россияны жакшы колдоп коюш керек эле. Аны Беларустан башка эч ким колдобой койду го. Ошондуктан Осетия, Абхазия боюнча дүйнө жүзү менен карама-каршы жалгыз болуп калганда Россияны кичине колдоп койсо туура болмок эле.

Кыргызстан президенти Дүйшөмбү саммитинде суу-энергетика, транспорт жана коммуникация, уулуу калдыктарды зыянсыздандыруу багытында кызматташууларды өнүктүрүү маселесин көтөрдү. Саясат таанучу Орозбек Молдалиев саммитин жыйынтыгына карата мындай пикирин билдирди:

Биздин президент саммитте туура маселе көтөрдү. Энергетикалык, азык-түлүк кризисин биргелешип чечели деп. Ал эми ШКУнун маселесине келсек, баары эле күтүп жаткан, баары болбосо да көпчүлүк күтүп жаткан, ушул жерден Россиянын позициясына колдоо көрсөтүлөт деп. Анан өзүңүздөр көрдүңүздөр, андай колдоо болгон жок.

Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинин алдында Кыргызстандын АКШ багытындагы саясаты, тактап айтканда, Манастагы АКШ базасына төлөмдү тактоого Бишкектин кызыкдар экендиги маалым болду. 26-августа коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаков АКШнын Кыргызстандагы иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Л.Литценбергерди кабыл алып, “Манас” аба майданын пайдалангандыгы үчүн АКШ тарабынан бериле турган жардамдын түрүн аныктоого Кыргызстанды катыштырууга чакырып, азык-түлүк жана энергетика багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга Бишкек кызыкдар экенин билдирди. Мындай жолугушууга удаа эле Кыргызстанга АКШнын Улуттук гвардиясынын башкы командачысы генерал-лейтанант Стивен Блум келгени маалым болду. Анын сапарынын максаты тууралуу Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы полковник Кубанычбек Оморов буларды билдирди:

Кыргызстанда Баңгизаттарына каршы күрөшүүчү агенттиктин мобилдүү тобу бар. Ошолорду америкалыктар бир айдан бери окуткан. Ошол бүткөндөн кийин анын катышуучуларына сертификат тапшырып, аларды куттуктоо үчүн генерал Блум бизге келген. Экинчи максаты биздин коргоо министри менен, биздин өкмөт үйүндөгү жетекчилер менен жолугушуп, АКШнын Улуттук гвардиясы менен байланышы бар биздин Куралдуу күчтөр, Улуттук гвардия кандай кызматташууда, кандай долбоорлор аткарууда, аларды байкоого жана өнүктүрүү максатында келген.

Бирок генерал Блумдун кыргыз жетекчилиги менен жолугушуулары тууралуу азырынча маалымат чыга элек. Айта кетүүчү нерсе, жума күндөн тарта Бишкекте АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Татьяна Гфеллер-Волкова ишин баштады. Жаңы элчинин кыргыз жетекчилиги менен жакын арада боло турган жолугушуусунда коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаков көтөргөн маселе кайрадан коюлушу күтүлүүдө.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев коопсуздук кеңештин катчысы Исаков АКШ тарапка койгон маселе орундуу деп эсептейт:

Путин 2 миллиард берем деп берген жок. Анан Кыргызстан эми реалдуу карап, батыштан жардам болбосо калган жактан чыкпайт деп калды.Ошондуктан маселени туура коюп жатат. Анткени биргелешкен өндүрүш ачылса, башка экономикалык долбоорлор болсо, ошолорго көңүл бурулса, биз алга жылып кетебиз. Ушул багытта иштесек туура болот. Ошондуктан туура маселе коюлуп жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG