Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

АКШ: ДЕМПАРТИЯ БАРАК ОБАМАГА БАТАСЫН БЕРДИ


Амирбек Усманов, Прага Барак Обама бейшембинин түнүндө АКШ президенттигине талапкер болуу жөнүндөгү Демократтык партиянын сунушуна ырасмий түрдө макулдук берди. Обама Денвердин футбол майданына чогулган 80 миңдей адамдын алдында сүйлөп, президент шайланчу болсо, «ар бир америкалык өз максатына жете алат» деген америкалыктардын лакабын мурдакыдай чындыкка айлантам, деди. Ошондой эле, 47 жаштагы талапкер республикачыл атаандашы Жон МакКейндин курч сөздөрүнө татыктуу жооп кайтарууга даяр экенин тарапкерлерине көрсөттү.

Барак Обама Денвердеги сөзүндө, жалпы улутту, демократтар менен республикачыларды, бейтарап элди дагы төрт жыл Ак Үй Жорж Буштун саясатын жүрбүзбөөсү үчүн республикачыл атаандашы Жон МакКейнге каршы добуш берүүгө чакырды:

-Биз баарыбыз, өлкөбүздү аябай сүйгөндүктөн, келерки төрт жыл акыркы сегиз жылдай болушуна жол бербеш үчүн бул жерге чогулдук. 4-ноябрда биз:“Сегиз жыл- жетет!” деп айтуубуз керек.

Обама жалпы улут көгүлтүр экрандан кунт коюп уккан 42 мүнөттүк сөзүндө 71 жаштагы сенатор парламентте көбүн эсе президент Буштун саясатын колдоп добуш берип жүргөнүн эске салды:

- Жон МакКейн 90 процент учурда Жорж Бушту колдоп добуш бергени анык. Сенатор МакКейн жоопкерчилик жөнүндө сүйлөгөндү жакшы көрөт. Анын Жорж Буш туура жасады деп 90 проценттен көп убакытта добуш бергени жоопкерчиликпи?

Обама Иракта америкалык аскерлер согушуп жатканда, эл аралык терроризмге каршы күрөш ийгиликтүү болбойт, россиялык аскерлердин Грузиядагы агрессиясын ооздуктоо жана Иранды ядролук программасынан баш тарттыруу мүмкүн эмес деди:

-Иракты ээлеп алуу менен дүйнөнүн 80 өлкөсүндө аракеттенген террорчуларды жеңе албайсыз. Вашингтондо отуруп, өкүм сүйлөө менен Израилди коргой албайсыз жана Иранды ооздуктай албайсыз. Сиз, эски союздаштар менен мамилени бузуп алып, Грузияны ишенимдүү колдой албайсыз.

Демейде чечен сүйлөгөн Барак Обама бул ирет кооз сөзгө эмес, элдин орто катмары менен жумушчулардын көйгөйлөрүнө басым жасады. Жумушсуздук көбөйүп, күйүүчү май, азык түлүк кымбаттап жатканын, ипотека кризиси элди белден алганын сая айткан Обама жумушчу үй-бүлөлөрдүн 95 процентине салыкты төмөндөтөм, деп убада кылды:

-Азыр көпчүлүк америкалыктар ишсиз жана аз акчага бели кайышып иштешет. Көбүңүздөр үйүңүздөрдөн ажырадыңыздар, дагы көбүңүздөр там-жайыңыздардын наркы түшкөнүнө күбө болуудасыздар. Көбүңүздөр машинеңиздерди мине албай калдыңыздар, тапканыңыздар банкка төлөгөнгө жана окуу акысына жетпейт. Бул Вашингтондогулар жана Жорж Буштун натуура саясатынын натыйжасы.

Обама президент шайланса, он жыл ичинде АКШны тыш өлкөлөрдүн мунайына болгон көз карандылыктан чыгарарын, ал үчүн шамалдын жана күндүк кубатын пайдаланууга 150 миллиард доллар чегерет.

Демократтык партиянын улуттук курултайы алдында «Талапкерлер ылганчы шайлоодо экинчи орунду алган Хиллари Клинтон Барак Обаманы колдоп сүйлөйбү?» деген кооптонуулар айтылып жаткан. Хиллари айым шейшемби күнү «Обама менин талапкерим» деп сүйлөп, партиянын биримдигине өз салымын кошту. Хилларинин күйөөсү, АКШнын мурдакы президент Буш Клинтон: «Обама Американы башкарууга даяр» деп, «Азаттыктын» кабарчысы Хезе Майер баамдагандай,курултайды ого бетер таң калтырды.

XS
SM
MD
LG