Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражич Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда өзүнө коюлган күнөөлөр боюнча жооп берүүдөн баш тартты


Жооптон баш тартуу Каражичтин ага коюлган айыптоолордун бирөөн дагы моюндабай жатат деп эсептөөгө негиз берет. Аскердик кылмыштары үчүн айыпталып жаткан Радаван Каражич бүгүн БУУнун Эл аралык кылмыш сотунун алдында экинчи ирет чыкты. Босниядагы сербдердин мурдагы лидери 1992-95-жылдары болгон Босния согушунда Сараево шаарын 43 ай бою камалоо маалында 12 миң адамдын жана Сребренница аймагында 8000 мусулмандын кырылышын тымызын уюштурган адам катары айыпталууда. 13 жыл бою жашырынып жүргөн Каражич Сербияда июль айында камакка алынып, Гаагадагы Эл аралык сотуна өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG