Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Орусия Кремлдин чечимин сындаган Чоң жетиликтин билдирүүсүн да “калыс эмес” деп четке какты


Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин соңку билдирүүсүндө 27-августта алдыңкы өнөр жайлуу өлкөлөр жарыялаган билдирүү “Грузиянын баскынчылык аракеттерин актоо максатында” жасалды деп сынга алынат. Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер кечээ Парижде сүйлөгөн сөзүндө, Биримдиктин лидерлеринин дүйшөмбүгө белгиленген жыйынында «Орусияга карата чектөөлөр жана башка толуп жаткан чараларды көрүү жагы каралып жатканын» билдирген. Евробиримдиктин жогорку деңгээлдеги жыйынында лидерлер Москванын Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин бир тараптуу тааныган чечимине карата бирдиктүү жооп издешмекчи. Айрым дипломатиялык булактар Евробиримдик 1-сентябрдагы жыйынында Орусияга чектөө киргизүү тууралуу маселени карабай тургандыгы да ыктымал деп билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG