Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:09

Өкмөттүк жана көз карандысыз иликтөө борборлорунун маалыматтарында орустардын үчтөн экиден көбүрөөгү Кремлдин Кавказдагы соңку кадамдарын жактап, Тбилиси менен Вашингтонду аймактагы кырдаалды курчутуп, аны куралдуу тирешке жеткирди деп айыпташа турганы айтылат. Бирок мындай көрсөткүчтөр көп учурда реалдуу чындыктан алыс болуп чыгат. “Азаттыктын” кабарчысы Вероника Боде Москвада айрым тургундарды кепке тартып көрдү эле,алардын пикири да ар башкача болду.

Михаил Алшибая, хирург: “Мен үчүн бул чоң кайгы,чоң проблема болду.Өзүм Грузияда туулгам, өмүрүмдүн көп бөлүгүн Москвада өткөргөнүм менен Грузия менин мекеним бойдон калат... Орустар менен грузиндер арасында, бери эле дегенде интеллигенциянын деңгээлинде өзгөчө жакындык, өз ара түшүнүүчүлүк, жакшы санаалуу мамиле бар эле, эми ошонун баары бүлүнгөнү турат. Деген менен интеллигенциянын деңгээлинде азыр деле орустар менен грузиндер ортосунда кадимкидей мамиле сакталып калды”.

Марина Кулакова, жазуучу: “Мен Советтер Союзунда төрөлүп өскөм, андыктан бала кезимден эле он беш боордош элди он беш бир туугандай сезип көнүп калгам, муну турмуштун чындыгындай эсептеп калгам. Ошондуктан азыр болуп жаткан окуяларды таптакыр кабыл ала албай, мурдагыдай эле баарыбызды бир элдей санап, кабыргам кайышып отурам”.

Андрей Столбунов, юрист: “Менин мамилем, албетте, тескери. Мындай жаңжалдар болбошу керек. Бирок болору болгон соң, эмне демекпиз, бул жаңжал эртедир-кечтир чыкмак, Абхазиядагы жана Түштүк Осетиядагы кырдаал бери дегенде он беш жылдан бери жакшы эмес болчу. Бул жерде Россия туура кылды деп эсептейм... Менимче, Түштүк Осетия менен Абхазия келишим түзүп, федерациянын субьекти боло алат, бирок бул сөзсүз эле милдеттүү иш эмес, алар көз карандысыз өлкө боло алышат.Кааласа грузиндер менен келишим түзүшсүн, бул алардын эрки”.

Алексей Кириенко, камсыздоо мекемесинин кызматкери: “Бул жерде баарына саясатчылар күнөөлүү, алар көп сандагы бейжазык адамдардын өлүмүнө жол беришти, карапайым адамдарга болсо бул согуш, территория бөлүштүрүү караманча кереги жок болчу”.

Ирина Васильева, тарых мугалими: “Россиянын акциясын бейпилдик озуйпасы деп эсептегендерге карапайым адам катары менин бир нече суроом бар. Биринчиден, эл аралык коомчулук көз карандысыз мамлекет катары тааныган өлкөнүн территориясына кандай учурда кирсе болот, кандай учурда кирсе болбойт деген чек, мөлчөр каерде жазылып, каерде аныкталган? Экинчиден, россиялык аскерлерге ким жана качан бейпилдик озуйпасын аткарсын деген мандат берген? Мен билгени, бул орус аскерлеринин башкы колбашчысынын эмес, Улуттар Уюмунун карамагындагы маселе. Үчүнчүдөн, эгер башка бир өлкөнүн бейпилдик күчтөрү Чеченстанга кирип, биздин көнөктөгөн бомбалардан жайкын калкты куткарып калууга аракет кылса, буга Москва кандай карайт эле? Биздин аскерий жетекчилер маалымат каражаттарында Түштүк Осетиядагы биздин жарандарды коргоого мажбур болдук деп ырасташууда. Мага түшүндүрүп бергилечи: качантан бери россиялык жарандар Түштүк Осетияда калктын басымдуу көпчүлүгүн түзүп калган? Акырында: эгер түштүк осетиндер менен абхаздар Грузиядан бөлүнгөнгө укуктуу болсо,анда эмне үчүн Чеченстанга, Татарстанга ушундай укук берсе болбойт? Неге дегенде бул жерде түпкүлүгүндө бир эле проблема жатат эмеспи?!”
XS
SM
MD
LG