Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Гори шаары менен Түштүк Осетиянын ортосундагы бир катар кыштактардан миңдеген адамдар качкынга айланды


Буунун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын өкүлүнүн маалыматына караганда, Гори аймагында болжол менен 2300дөй адам үй-жайын таштай качып, алардын сегиз жүзү качкындар үчүн даярдалган чатырларда баш калкалоодо. Алардын көбү куралчан ууру-кескилер карапайым тургундарга ыдык көрсөтүп, мал-мүлкүн карактап атканын билдиришкен. Укук коргоочу “Хюман райтс уотч” уюмунун өкүлдөрү Түштүк Осетияда айрым куралчан топтор грузин улутундагылар басымдуулук кылган айылдарга келип, талап-тоноп, үйлөрүн өрртөп жатканын өз көзү менен көргөнүн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG