Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:08

Н.СУЛАЙМАНОВ: 19 АВИАКОМПАНИЯНЫН ИШИ ТОКТОТУЛУП, 150 УЧАК РЕЕСТРДЕН ЧЫКТЫ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек 24-августагы 65 адамдын өмүрүн алып кеткен каргашалуу окуянын себептерин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлүп иш алып барууда. “Азаттыктын” таңкы түз маегинде Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов өкмөттүк комиссиянын иши, жарандык авиациянын абалы тууралуу суроолорго жооп берди.

- Азыр өкмөттүк комиссия иштеп атпайбы. Ушул учурда иликтөө иштери кайсы деңгээлге жетип калды?

Бүгүн өкмөттүк комиссиянын алдында түзүлгөн техникалык комиссия өз ишин улантып жатканына бешинчи үнгө карап калды. Азыркы мезгилде “кара ящик” Москвада чечмеленип жатат, алар аны аягына чыгарып берүүнүн үстүндө турат. Ал эми бул жердеги иштеп жаткан адистери бүгүн кечинде же эртең толук өз ишин аяктап, ал жерде калган учактын бөлүктөрүн аэропорттогу атайын сакталуучу жайга алып келет. Андан кийин жетпей калган маалыматтар боло турган болсо калган ишин ошол жерде улантмакчы.

- Ал эми ирандык адистер тартылдыбы ошол техникалык комиссиянын ишине?

Ирандык адистер келишкен. Себеби, алардын дагы бир топ жарандары жабыр тарткандыгына байланыштуу алар дагы техникалык комиссиянын ишине катышып жатышат.

- Боинг-737 учагы кандайдыр бир террактан талкаланды дегенге кандай карайсыз?

Террактан талкаланды дегенге мен ишенбейм. Ушул версияны жокко чыгаруу үчүн Россиянын ФСБнан атайын криминалисттик-баллистикалык топ бар экен, ошолордун адистерин чакырдык. Эгерде терракт болгон болсо, учактан калган бөлүктөрүндө жарылуунун убагында белгилери сөзсүз түрдө калат экен. Ошого дагы тыянак чыгарып беребиз деп жатышат.

- Ал эми «Итек эйр» авиа компаниясынын ээси ким экени сизге белгилүүбү?

“Итек эйр” авиакомпаниясынын мен билгенден Гончаров Александр Владимирович деген кожоюну бар, ал өзү менчик авиа компания. Башка кимдер дагы бар экенин мен чыныдыгында билбейт экемин.

- Ушул авиа кырсык болгондон кийин жарандык авиация департаментинин ишине жана транспорт министрлигине бир топ сын-пикирлер айтылып атат, учактар техникалык жактан эскирди, уюштуруу иштери жок деген сыяктуу. Ушуга кандай дейсиз?


Бул жеке адамдардын тыянагы туура, бул сөзгө бир жагынан кошулам, бир жагынан кошулбайм. Кошулганымдын себеби, 2005-жылга чейин чындыгын айтканда граждандык авиацияда бир дагы жетекчилик системалуу түрдө жүргүзүлгөн иш болгон эмес. 2005-жылга чейин Кыргызстан боюнча отуз беш авиакомпания катталган. Ал компаниялардын учагы бары дагы, жогу да бар. Эскиси да, жаңысы да бар. Ошондуктан 2005-жылга чейин бул системада бир топ ушундай чар жайыт иштер болгон. 2006-жылы граждандык авиациянын акыбалын мен терең изилдеп, текшерип чыккандан кийин, граждандык авиацияны мындан ары өнүктүрүү, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жана ошондой эле техникалык паркын оңдоо боюнча биз ишти колго алганбыз. Ал боюнча программа түзүлгөн. Ал программанын негизинде эң биринчи жасаган ишибиз - 2007-жылы биз “Аба кодексин” кабыл алдык. Анын негизинде Жогорку Кеңеш дагы “Аба кодексин” кабыл алып берди. Ал кабыл алынгандан кийин биз он тогуз авиациялык эрежелерди иштеп чыктык. Ошол эрежелер дагы убагында иштелген эмес. Ал Юстиция министрлигинде катталып, азыр ошол авиациялык эрежелердин негизинде авакомпаниялардын иштерин инспекторлор аркылуу текшерип атабыз. Андан сырткары он тогуз авиакомпаниянын ишин толугу менен токтоттук. Жүз элүү учакты реестрден чыгардык. Бул абдан чоң жасалган жумуш деп ойлойм.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG