Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

Т.ЮЛДАШЕВ: БАТЫШ ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН КОШ СТАНДАРТТУУ ОЮН ЖҮРГҮЗҮП ЖАТАТ


Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Бүгүн согуштан, саясий, диний зомбулуктардан, жарандык кагылыштардан улам аты-жыты дайынсыз жоголуп кеткендерди эскерүү жана алардын жакындарынын эл аралык тилектештик күнү. 1981-жылдан бери ар жылы 30-августта белгиленип келаткан бул күнү ар кандай зомбулуктардан, басынтуулардан, согуштардан улам дарегин жашырууга мажбур болгон жана дайыны табылбай кеткен дүйнөдөгү миңдеген адамдардын ысмы аталып, алар тушуккан жагдайлар талкууланат. Борбор Азияда, анын ичинде Өзбекстандын айрым жарандары кабылган мына ушундай жагдайлардын себептери тууралуу Өзбекстандык белгилүү журналист, чыгыш таануучу, мурдагы дипломат жана өз мекенинен чыгып кетүүгө мажбур болгон Ташпулат Юлдашев “Азаттыкка” маек курган эле.

-Ташбулат мырза, сиз Өзбекстанда белгилүү инсан болгонуңуз менен өз мамлекетиңизди таштап кетүүгө мажбур болдуңуз. Өзбекстандык башка көп жарандар ачык же атын жашырып башка мамлекеттерге кетүүгө мажбур болгондорун жакшы билебиз. Буга эмне себеп?

-Мен журналист катары Өзбекстандын бийлигин сынга алган макалаларды жарыялап жүрдүм. Өзбекстандын бийлигине ким каршы сөз айтса эле бийлик аны “экстремист”, керек болсо “террорист” деп санайт. Бийлик ушинтип санаган бир гана адамдын артынан аңдуу салбастан анын туугандары, жакындарынын баарынын артынан түшөт. Менин артыман түшкөн аңдуу кийинки кезде күнү-түнү менен жүргүзүлүп, өтө катуулап кетти. Мен экстремизм жана терроризмдин Өзбекстанга тийгизе турган терс таасири жана коркунучу тууралуу аналитикалык макалаларды даярдоо үчүн журналисттик изилдөө жүргүзүп жүрүп байланышкан адамдардын көбү ишинен бошонууга мажбур болушту. Көбү түрмөгө түшүштү. Ушундан улам мага дагы коркунуч жакындап калгандыгын сездим.

Анткени, мен жашаган жерде түрмө бар болчу. Ошол түрмөнүн айыпка жыгылган бир кызматкеринин аялы менден “Сиздин менин күйөөм менен кандай байланышыңыз бар, аны менен эч кандай катнашыңыз жок эле го?” деп сурай берди. А мен “Ооба, сиздин күйөөңүздү билем. Анткени, менин коңшум түрмөнүн башчысы болчу. А сиздин күйөөңүз ошол коңшума келчү. Анын үйүнө барып калганда сиздин күйөөңүз менен таанышкам, бирок аны менен саламдашкандан башка байланышым жок”-дедим. Мен чындыгында аларга журналист экендигимди айтпай туруп маалымат алчумун. Мен журналист экендигимди жана Өзбекстанга экстремизмдин коркунучу тууралуу изилдөө жүргүзүп жатканымды айтпай туруп маалымат алып Өзбекстандын мыйзамын бир жерден бузган болушум керек. Антпесем маалымат алууга менин башкача жолум жок болчу. Демек, муну менен мен мыйзам буздум. Ушундан улам мени да түрмөгө салууга шарт түзүлүп, коркунуч пайда болгондугун сездим да Өзбекстанды таштап кетүүгө мажбур болдум.

- Мурдагы СССР кулагандан кийин эгемендикке жеткен көп жаш мамлекеттерде демократия, анын ичинде адам укугун коргоо өнүгөт деген ой болгон. Бирок Борбор Азияда Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттерде демократиянын жышааны анча сезилген жок. Кыргызстан, Казакстанда болсо демократиялык өнүгүү алгачкы жылдарда жакшы байкалды. Мындай көрүнүштүн тарыхый негизги барбы? Бир эле чөлкөмдөгү республикаларда ар кандай багыттагы өнүгүүнүн болушуна эмне себеп деген ойдосуз?

-Негизинен Борбор Азиядагы мамлекеттердеги элдерде көп деле айырмачылык жок. Маданият, тарых жана каада-салттар бирдей эле. Бирок Өзбекстан менен Түркмөнстанда бийликти бир адамдын колуна алып, мамлекеттик машинаны өзүнүн гана жеке кызыкчылыктары үчүн ээлеп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Башында ушундай күчтүү бийлик керектир деп колдоо көрсөткөн адамдар кийин мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберишкенин сезип калышты. Бир адам бийликтин баарын колуна топтоп алгандан кийин эч ким ага каршылык көрсөтө албай калды. Ал эми Кыргызстан менен Казакстанда абал башкача болду.Бул мамлекеттерде жарандык коом, интеллигенция жана “диссидент” деп жүргөндөр активдүү болуп, бийликтин бир адамдын колуна өтпөшүнө абдан катуу аракет көрүштү. Муну менен алар мамлекетин да, элин да көп балээден коргоп калышты. Тилекке каршы, өзбек эли ушундай демилгени көрсөтө алган жок. Жарандык коом өзүнүн үнүн угуза алган жок. Муну менен өзбек эли көп нерседен куру калып, азыр кыргыз эли менен салыштырганда элүү жылга артта калды. Мындан да жаманы бийликте жыйырма жылдан бери турган диктатор Каримовдун саясатынын кесепетин өзбек эли дагы бир элүү жыл тартабыз.

- Балким буга мурдагы Кокон хандыгы, эмирлердин жана Темирландын бийлигинин тарыхый таасири тийгендир?

-Минтип айтууга да болбойт. Темирлан кандайдыр бир эле элге мурас калтырды дегенге болбойт. Ал баарына мурас калтырган. Албетте, бул жерде кыргыз эли, казак эли эркиндикти сүйгөн эл экендиги жакшы таасир берди. Бул элдерди күч менен багынтып алганга болбойт. Бул элдердин мына ушул касиети кайсы бир деңгээлде өз эркиндиги менен укуктарын сактап калууга шарт түздү. Өзбек эли ушундай укугун сактап кала алган жок. Ошондуктан, өзбек эли мунун азабын эми далай жылдар тартып, дагы далай кыйынчылыктарды көрөт.

-Акыркы жылдарда Өзбекстандын, Турмөнстандын ондогон атуулдары аты-жытын билдирбей качып жоголуп жатышат. Албетте, сиз алардын арасында жоксуз. Сиз атыңызды жашырбай эле өлкөдөн чыгып кеттиңиз жана ал тууралуу эл аралык маалымат каражаттары жарыялашты. Ал эми атын жашырып кетип жаткандарга эмне себеп деген ойдосуз жана мындай көрүнүштөр дүйнөнүн кайсы мамлекеттеринде көп байкалат жана эмне үчүн?



-Билесизби, атын жашырып кетип жаткан адамдарды түшүнсө болот. Анткени, Өзбекстандын диктатору Каримовдун бийлиги бир гана адамды же диссидентти куугунтуктабайт, анын туугандары менен жакындарынын баарын куугунтуктайт. Ушундан улам алар макала жазса, эл аралык радиолорго интервью берсе же Интернетке макала жазса да өз аттарын жашырышат. Муну алар өз жакындары менен туугандарына, керек болсо досторуна да кесепетим тийбесин деген максат менен жашырышат. Маселен, мен журналист катары Интернеттеги баракчаларга көп макалаларды жаздым. Ушуну менен менин чет өлкөлөрдө кадыр-баркым бар, мени көп эл аралык уюмдар жакшы билишет. Демек, мени өлтүрүп коюу же бир нерсе кылуу бийлик үчүн абдан кымбат.

Өзбекстандын бийлиги болсо бир гана күч менен эсептешет. Эл аралык уюмдардын колдоосун алган адам өз аракети менен Өзбекстандын бийлигин жаман абалга калтырарын жакшы билет. Ошон үчүн кээ бир адамдар коркот. А мен бийликтен коркпойм. Бирок мен Каримовдун бийлиги менен согушууга өз балдарым менен жакындарымды чет өлкөгө кетиргенден кийин гана ачык чыктым. Муну менен мен өз жакындарым менен туугандарымды өзбек бийлигинин таландысына калтырган жокмун. А башкалардын туугандары менен жакындары көп, алардын тагдырынан коркуп өз даректерин жашырууга мажбур. Тилекке каршы, Өзбекстанда мындай көрүнүштөр өтө көп.

- Өзбекстандагыдай атын жашырып чыгып кеткен атуулдар дүйнөнүн кайсы мамлекеттеринде көп болгон жана эмне үчүн? Алардын Өзбекстандагы,Түркмөнстандагы кырдаал менен кандай окшоштуктары бар?

-Менин оюмча, Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосунда окшоштуктар бар. Анткени, диктатордук режимдин башкы максаты- элди толук бойдон баш ийдирип, кийин репрессия, кыйноо, зомбулуктарга туш болсо да башын көтөрүүгө күчү, каалоосу жок болгудай кылып башкарып алуу. Башкача айтканда, элди такыр баш көтөрбөгөндөй кылып басып салат. Ошондуктан, Өзбекстанда да,Түркмөнстанда да адамдар бийликтен алыс болуп, аны менен иши жок болууга аракет кылышат. Албетте, каршылыктар болот. Анткени, акыл-эси бар адам диктатордук режимге кантип каршы болбой койсун. Бийликтегилер элди диктатордук күч менен басмырлап алып, мамлекеттин байлыгын уурдоо менен гана алек да.

Азыр биздин бийликтеги адамдар Билл Гейтстен да бай адамдар. Байлыгын мыйзамдуу жол менен тапкан дүйнөнүн бай адамдары тууралуу маалыматты “Форбс” журналы дайыма жарыялап турат. Ал эми уурдап, байлык жыйган адамдар жөнүндө жазышпайт. Анткени, уурдалган акчалар жөнүндө айтышпайт да! Баюу, өмүрүнүн акырына чейин бийликте туруу жана өз кызыкчылыгын коргоо үчүн өз элин кулга айлантты. Бул жагдайдан алганда кыргыз эли менен казак эли өтө айырмаланат жана алар улуу жетишкендиктерге ээ.

- Өз атын жашырып мамлекетинен чыгып кеткен адамдар өз мекенинин келечеги үчүн кандай аракет көрүш керек деген ойдосуз жана ал аракеттен майнап чыгат деген ишеним барбы?

-Эң башкысы, өзбек эмиграциясы болобу же түркмөндөрдүн саясий эмигранттары болобу мамлекеттик системаны өзгөртүүгө аракет кылышы керек. Анткени, Өзбекстанда орнотулган диктатордук режим мамлекеттик система эмес. Бул бир адамдын режими. Каримов турганда система жашап турат, ал жок болсо бул система жок болот. Маселен, анын кызы Гүлнара да анын мураскору болуп келе турган болсо атасынын саясатын улантууну каалабайт. Себеби, бул саясат Өзбекстанды экономикалык, саясий, социалдык жактан артка сүрүп салды. Албетте, демократиянын да өз кемчиликтери бар, бирок системаны өзгөртүүдө демократиядан ашкан курал жок.

Ошондуктан, диктаторлор демократиянын беткабын кийип алышып, демократ болуп көрүнгүсү келишет. Ушундан улам биз баарыдан мурун мыйзамдардын үстөмдүгүнө, тең укуктуулук, бийликти тегиз бөлүштүрүүгө жетишип, бийликтин бир адамдын колуна топтолушуна жол бербешибиз керек. Бийликтин бардык бутактары, анын ичинде төртүнчү бийлик болгон массалык маалымат каражаттары мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алууда бирдей укук алышына жетишибиз керек. Мына ушундай демократиялык кайра курууларсыз эч нерсе чыкпайт. Биз аны өз жонубуз менен сезип жатабыз.

-Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов каза болгондон кийин анын ордуна келген Бердымухамедов Ниязовдун саясатынан тайган жок, аны улантып жатпайбы?

-Ооба, тилекке каршы бир Түркмөнбашынын ордуна экинчи Түркмөнбашы келди. Бул жерде түркмөн оппозициясы жакшы иштей алган жок. Алар түркмөн бийлигинин диктатордук режиминин жүзүн ачып бериши керек болчу. Алар элге жакындашы зарыл эле. Бул жагдайдан алганда өзбек диссиденттери жакшы иштеп жатат деген ойдомун, маселен алар чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары аркылуу көп макалаларды жазып, карапайым калкты гана ынандырбастан, Каримовдун айланасында жүргөн бийлик адамдарын да ал орноткон бийлик элге орду толгус кесепет алып келгендигине ишендирүүгө аракет кылып жатабыз.Биз Өзбекстанда Түркмөнстандын тажрыйбасы кайра кайталанбайт деген ойдобуз.

-Өз мекенинен жашырып чыгып кетүүгө мажбур болгон адамдардын укугун коргоо үчүн БУУ баштаган эл аралык уюмдар аракеттерин жандандырышы, саясатын өзгөртүшү жана чараларды катуулатышы зарыл деген ойдосузбу? Эгер зарыл болсо сиз кандай чараларды көрүүнү сунуштаар элеңиз?

-Менин оюмча, демократияны туу туткан батыш мамлекеттеринин моралдык күчү континенттеги бардык мамлекеттердин аскерий күчүнөн алда канча күчтүү. Эмне үчүн күчтүү? Алардын адамдын укугун коргогон Конституциялары бар, көз карандысыз сот менен маалымат каражатына ээ, эли эркин. Мына ушул батыштын саясий маданиятын башка мамлекеттерге жайылтыш керек. Эгер эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ жарандык коомго, эл аралык укук коргоо жана гуманитардык уюмдарга, прессага ык салса бул күч диктатордук режимди ичинен иритип жогото алат. СССР америкалык армиянын күчү менен кыйраган жок. Ал өз ичинен жарандык коомдун күчү менен ирип жоголду. Демек, батыш өлкөлөрү өзүнүн моралдык күчүн колдонушу зарыл. Моралдык күч - эл аралык уюмдар, пресса жана диктатордук режимдин ичинде турган демократиялык элементтер. Алардын күчү менен диктатордук режимдерди тезирээк жоготсо болот.

-Тилекке каршы, Каримовдун бийлиги эл аралык уюмдардын пикирин эске алган жери жок да?



-Ооба, бирок бул жерде батыш Каримов менен мышык-чычкан оюнун жүргүзүп жатат. Кош стандарт болуп жатат. Бул жерде батыштын өз прагматикалык кызыкчылыктары бар. Каримов демократиялык өзгөртүүлөрдү жүргүзөм деп убада кылып жатат. Батыш болсо Орусиянын Өзбекстанга таасири күчөбөшүн каалап жатат. Мына ушул Орусия, Кытай, Америка сыяктуу ири державалардын ортосундагы атаандаштык Каримовдун диктатордук режими үчүн эң мыкты жагдай түзүп берип жатат. Бирде Кремлге, бирде Пекинге, бирде Вашингтонго ири державалардан кандайдыр бир пайда алуу үчүн жасаган кадамы чындыгында Каримовдун бийлигин кармап турууга жакшы шарт түзүп берип жатат. Эгер батыш мамлекеттери акыл-эстүүлүк менен мамиле жасаса башкача болмок. Алар нравалык негизги чечим кабыл алышы зарыл. Нравалык чечим деген эмне?

Маселен, Өзбекстанда адам укугу тепселип жатат. Адам укугу деген мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу үчүн улуттук мыйзамдардын башында турушу керек. Андан да адам укугу деген диктатордук Өзбекстандын гана ички иши эмес да, бул жалпы түшүнүк. Ал эл аралык нормалар менен башкарылышы керек. Ошондуктан, батыш мамлекеттери өзүнүн глобалдык саясатынын эң башына прагматикалык саясатты эмес нравалык саясатты коюушу керек. Азыр прагматикалык багыт нравалык багытка үстөмдүк кылып жатат. Мындан батыш да, демократия да утулуп, диктатордук режимдер утуп жатат. Мен батыш мамлекеттери нравалык саясатты жүргүзсө Өзбекстан,Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттерде гана эмес Борбор Азиядагы бардык мамлекеттерде жана башка аймактарда да жалпы колдоого ээ болот деп ишенем. Анткени, чөлкөмдөгү калк абдан сабаттуу. Алар кайсы жерде адеп-ахлак бар экендигин абдан жакшы билишет. Тилекке каршы, биздин үнүбүз батыштагы мамлекет башчыларына толук жеткен жери жок. Алар адеп-ахлактан алыс саясатты жүргүзүп жатышат. Ошон үчүн биз батышты сындап жатабыз.

Билесизби, Каримов башка мамлекеттердин жетекчилеринен айырмаланып, эч качан өзү кол койгон эл аралык келишимдерди аткарбайт, өзү кабыл алган милдеттенмелерди көңүлгө албайт, эч качан өзүнүн сөзүнө турбайт. Батыш мамлекеттери эмнегедир ушуну такыр эске алышпайт. Ошондуктан,алар кээ бир учурда туура чечим кабыл албай жатышат.

- Ташпулат мырза, анда маегиңиз үчүн рахмат!
XS
SM
MD
LG