Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:53

17:00 Жалал-Aбадда мунай жана газ өндүрүүчүлөр кесиптик майрамын майрамдап атышат


Кочкор-Ата шаарчасындагы “Кыргызмунайгаз” ишканасы быйыл 32,5 миң тонна мунай жана 9 млн чарчы метр табигый от өндүргөн. Ишкананын жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктаган облус губернатору Кошбай Масиров эмгек алдыңкыларына кыргыз бийлиги менен облустук жетекчиликтин сыйлыктарын тапшырды. “Кыргызмунайгаз” ишканасына көгүлтүр от өндүрүүдө Кытайдын, Австралиянын адистери, Орусиянын “Газпромнефть” компаниясы көмөктөшүүдө. Ишканага кесипкөй адистер жетишсиз. Алардын көпчүлүгү маянанын аздыгынан Орусияга жана башка жактарга орун которуп кетип жатышат. Мекеме Жалал-Абаддагы 500 миң тонна нефтини кайра иштетүүчү заводду мунай менен толук камсыз кыла албай келүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG