Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Бүгүн, 30-августта, эл аралык коомчулук Дайынсыз жоголгондорго тилектештиктин Эл аралык күнүн белгилөөдө. Бул иш-чаранын максат-мааниси – белгисиз абактарга салынып, укугу тебеленип, өз жакындары жана укугун коргоочулары менен эч көрүшө албаган нечендеген кишилердин тагдырына жалпы дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдуруу болуп саналат. Укук коргоочулардын айтымында, мындай укук бузуу көрүнүштөрү пост-советтик Борбордук Азияда арбын учурады.

Жашыруун жана белгисиз жайлардагы зындандарда жана башка абактарда кишилерди кармоо эл аралык укуктун жоболорун одоно бузуу болуп саналат. 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы жыйыны бул маселеге атайын кайрылып, кишилерди күч менен кармап, дайынсыз калтыруудан коргоо тууралуу атайын декларация кабыл алган.

Кыргызстандын жана мурдагы Советтер Биримдигинин тарыхында да мындай кара тактар аз эмес. Улуу Үркүндө, 30-жылдардагы сталиндик жазалоо “машинеси” иштеп турган чакта, эинчи дүйнөлүк согуш маалында, андан кийинки Ооганстан, чечен-орус согушунда, Фергана өрөөнүндөгү 2005-жылкы Анжыян окуяларында канчалаган кишилер “дайынсыз” деген ат менен жоголушкан. Алардын нечендери абактарда дайынсыз кармалып зомбулук көрүшкөн.

Адам өмүрүн алдаган “үмүт” деген ар бир жабыркаган адамды алаксытып келет. Табылат же келет деген үмүт менен өмүр өткөрүп келгендерди көп эле жолуктурабыз.

Андай тагдырга кабылган адамдар гана бири-бирин жакындан сезип, түшүнүүчүлүк менен кабылдап келишет.

Ошондон болсо керек бир канча жылдар мурун Латын Америкасында дайынсыз жоголгондордун жана абактарда эч кабарсыз кармалгандардын үй-бүлө мүчөлөрү, жакындары жана алардын укугун коргоочулар бир нече уюмдун башын коштуруп, атайын эл аралык бирикме түзүшкөн жана бул бирикме эл аралык коомчулукка демилге менен чыгып, акыры Бириккен Улуттардын колдоосу менен 30-август күнү дайынсыз жоголгондорго тилектештик билдирүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип калды.

1990-жылкы каргашалуу Ош окуясында көптөгөн жарандар дайынсыз жок болгон. Алардын жакындары арызданбаган жери, какпаган эшиги калбай жыйырма жылдай убакыт өтсө да үмүткө жетеленип жашап келгенин айтышат.

Эшмуратов Наби кандуу каргашалуу Ош окуясында беш бир тууганы эжеси Салия, иниси Жылдыз, эжесинин үч баласы дайынсыз жоголгонун айтат:

- 1990-жылкы Ош окуясында эжем Салия Эшмуратова үч баласы менен, иним Жылдыз болуп беш адам ушул күнгө чейин дайынсыз. Өлүү же тирүүсү табылбаган соң абактарда кармап турат имиш деген имиштерди да уктук. Апам алты жыл дегенде жүрөк оорудан каза болду. Ушул кезге чейин келет деген үмүт менен гана жашап келебиз. Аларды издетүү үчүн тартип коргоо органдарына кайрылдык, Бирок жооп жок..

Анын оюнча, абакта же зынданда дайынсыз кармалгандардын гана эмес, башка да жоголгон кишилердин тагдырын тактоо иши да эл аралык коомчулуктун жардамына муктаж, себеби алар кайсы-бир мыйзамсыз куралдуу топтордун запкысын көрүп, мыйзамсыз абакта болдубу, же дароо эле өлтүрүлдүбү, алигиче белгисиз.

Ал эми 1944-жылкы каргашалуу депортацияны баштан кечирип, күч менен Кыргызстанга көчүрүлүп, Ала-Тоодо байырлап калышкан чечен атуулдары канчалаган жакындарынын өлүү тирүүсү дайынсыз экенин айтып сыздап келет.

Мындан 64 жылдай илгери Ата журтун калтырып келген аксакал өзүн тааныштырып көптөгөн жакындары, замандаштары сталиндик зулум заманда ар кыл абактарда дайынсыз жок болгонун, аларды ар убак эстеп келээрин айтат.

-“Колунда куралдары бар аскер адамдары келди. Бизге мылтыгын кезеп, “тез чыккыла” деп, кичине эле ашыкча кыймылдаганды атып таштайт. Суук, кийим-кече кийгизбеди, тамак жок. Атам менен апам кары эле, ооруп жатышкан болчу. Аларды чанага салып 25 километр ач-жылаңач басканбыз. Кичине инимди колдон жулдуруп жибере жаздаганбыз. Бир аялдын жаш баласы жоголуп кеткен экен. Инимди талашпадыбы менин балам деп”, -дейт чечен улутундагы кыргызстандык аксакал.

Бир катар укук коргоочулар пост-советтик Өзбекстанда жакындарына билдирбестен, тигил же бул кишини уурдап кетип, узак убакытка абакта сотсуз кармаган учурлар көп болгонун айтып келишет. Авторитардык режимдин күүсү жана элек Түркмөнстанда да ушундай учурлар арбын болду дешет укук коргоочулар.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, отуздай өлкөдө кишилерди абактарда дайынсыз абалда кармоо учурлары катталган. Улуттур Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси болсо дүйнөдө кишилерди абактарда дайынсыз кармоонун 46 миңдей учуру катталган деп белгилейт.
XS
SM
MD
LG