АКШнын Республикачылар партиясынын өкүлү, президенттикке талапкер болууга бел байлаган сенатор Жон МакКейн Аляска шатынын губернатору Сара Пэйлин айымды өзү менен тандем түзүп, жарышка чогуу чыгууга чакырды. Бул тууралуу ал Огайо штатындагы Дэйтон шаарында кечээ (29-августта) жарыя кылды. 44 жаштагы Пэйлин айым беш жаштагы баланын энеси, Алясканын эң алгачкы аял акими жана эң жаш губернатору болуп эсептелет.
Зейнеп Мартбек кызы, Прага
Зейнеп Мартбек кызы, Прага