Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

МаККЕЙН – ПЭЙЛИН ТАНДЕМИ ЖАРАЛДЫ


АКШнын Республикачылар партиясынын өкүлү, президенттикке талапкер болууга бел байлаган сенатор Жон МакКейн Аляска штатынын губернатору Сара Пэйлин айымды өзү менен тандем түзүп, жарышка чогуу чыгууга чакырды. Бул тууралуу ал Огайо штатындагы Дэйтон шаарында кечээ (29-августта) жарыя кылды. Вице-президенттик үчүн ат салышууга белсенген Пэйлин айым тууралуу көптөгөн америкалыктар буга чейин анчейин кабардар эмес эле. Бирок демократ сенатор Хиллари Клинтон президенттик үчүн жарыштан өз ыктыяры менен чыккан соң, Пэйлин айым америкалык аялдардын өкүлдөрүн өзүнө имерүүгө умтулмакчы.

АКШ сенатору, республикачылардын атынан президенттикке талапкер болууга белсенген саясатчы Жон МакКейн чынында да өлкөдөгү саясат билермандарын өтө оңтойсуз абалга калтырып, далайын бушайманга салды, анткени ал вице-президенттикке ат салышып, өзүнө тандем болууга макулдук берген кишини салтка ылайык өтө салабаттуу, тажрыйбалуу адамдардын арасынан эмес, жашыраак саясатчылардын ичинен иргеп алды.

44 жаштагы Сара Пэйлин (Sarah Palin) айым Алясканын губернатору кызматына шайланган аялзатынын алгачкы өкүлү.

Анын үстүнө, ал Алясканын тарыхындагы эң жаш аким. Коррупцияга каршы күрөш урааны менен 2006-жылы губернатордукка шайланган.

Жон МакКейн өзүнө шерик болуп шайлоо өнөктүгүнө чыгууга макул болгон бул айым тууралуу жума күнү Дэйтон шаарында калайык алдында мындайча мүнөздөмө берди:

- Ал АКШнын бул (ичкерки) аймактарынан эмес. Сара Пэйлин айым Вашингтондон эмес. Бирок сиздер аны менен жакындан таанышсаңыздар, анда мен сыяктуу эле өзгөчө таасирде калаар элеңиздер. Ал кырдаалды башкара алган, түз, зээндүү жана жалпы мүдөөгө өзгөчө берилүү менен мамиле кылган инсан. Биз Вашингтондо дал ушундай инсанга муктажбыз.

Бир чети, Пэйлин айым беш баланын энеси жана боюнан алдырууга каршы жигердүү чыккан консерватор саясатчы.

Экинчи чети, ал жекече карьерасы үчүн тартынбай күрөшкөн жаңы муундагы аялдардын өкүлү.

МакКейн менен чогуу калайык алдында чыккан сөзүндө Сара Пэйлин дароо эле демократ сенатор Хиллари Клинтон айымдын шайлоо жарышынан чыгышына нааразы болгон америкалык аялдарды өз тарабына тартуу аракетин көрдү:

- Ушул аптада Денвер шаарында абдан туура айтылды: чынында да Хиллари Клинтон Американын өтө бийикте жайгашкан өзгөчө катуу айнек шыбындагы 18 миллион жараканы таштап чыгып кетти. Бирок Американын аялдары бул ишти соңуна чыгарбай калганы айкын болду. Эми биз дал ушул айнек шыпты биротоло жана бардыгыбыз үчүн талкалап сала алабыз.

Ошентип, Сара Пэйлин айым демократ сенатор Хиллари Клинтон президенттик жарышта ат салышуудан чыгуу менен АКШдагы эң ири кызматка аялдардын умтулуусу үчүн буга чейин болуп келген көрүнбөгөн тоскоолду бузуудан, көркөмдөп айтканда, өтө бийикте жайгашкан өзгөчө катуу айнек шыбын талкалоодон баш тартканын, бирок Хиллари чанган бул коомдук ишти эми өзү улантууга камынганын элестүү айтып берди.

Республикачылар партиясы өзүнүн курултайын келээрки дүйшөмбүдө (1-сентябрда) Миннесота штатынын Сен-Пол шаарында баштамакчы.

Баарынан кызыгы, МакКейн өзүнүн демократ атаандашы, сенатор Барак Обаманы тышкы саясатта тажрыйбасы жок деп сынга алып келсе, эми Барак Обама МакКейндин тандемдик шериги Пэйлинди дал ушундай эле маанайда сынга алды.

XS
SM
MD
LG