Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

19:15 Нарында жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин көрсөтүлүшү сегиз пайызды түздү


Нарын облустук шайлоо комиссиясынан алынган маалымат боюнча 30-августка карата райондук, шаардык кеңештердин депутаттык мандаттары үчүн – 26, айылдык шаарчалык кеңештерге 35 талапкердин документтери округдук комиссиялар тарабынан кабыл алынган. Жумгал районунан айылдык, шаарчалык кеңештерге 115 депутат шайлана турган болсо, бул күнгө карата бир дагы адам талапкер катары катталган эмес. Ал эми Кочкор райондук, Нарын шаардык кеңештерге экиден гана талапкердин тиешелүү документтери кабылданган. 5-октябрда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 5-сентябрда аяктайт. Ал эми 5-октябрда Нарын облусу боюнча жалпысы 940 депутат шайланууга тийиш. (KUs)

XS
SM
MD
LG