Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

“Азаттыктын” жумалык “Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөгүнүн жаңы саны өтө татаал тагдырда жашап өткөн, өз кезегинде жумурай журтка “Моюнчам”, “Угузуу”, “Кыз арманы”, “Атаны кокуй сексен сом” аттуу ж.б. ондогон классикалык залкар күүлөрү менен таанылган белгилүү комузчу Кошкулак Төрөкелди уулунун чыгармачыл тагдырына, жаркын элесине арналат.

Комуз музыкасынын тарыхында улуулардан калган уламалуу кептей угуучулардын арасында ысымы терең урматтоо менен айтылып келе жаткан залкар комузчунун бири – Кошкулак Төрөкелди уулу. Бирок бүгүнкү күнгө чейин угармандарга Кошкулактын кайсыл аймакта, кайсыл айылда туулуп, кайсы доордо жашап өткөнү, комуз күүлөрүнүн алтын казнасын кандай маныздагы кайталангыс кайрыктардагы күүлөр менен байытканы, элдик аспаптын музыкадагы алган орду, жеке тагдыры калайыкка айтылбай, ың-дыңы чыкпай өчүп келүүдө. Мындай өксүктүн отун өчүрүш үчүн айлап, жылдап иликтөө салып, эл аралап, аксакалдардын жайкалткан карыялар, ак элечек байбичелер, ар кандай курактагы эл шайырлары менен жүздөшүп, Кошкулак жөнүндө баалуу маалыматтарды чогулттум. Аларды ары-бери калчап, торко электен өткөрүп, кашыктап чогулткан маалыматтардын ичинен өз кезегинде Кошкулак менен таанышып, комуз үйрөнүп, кийин шакирти аталган Бектур Осмоновдун айткандарын иргеп алдым.


(Тоңдук белгилүү комузчу Бектур Осмонов )

Өткөн кылымдын 60-жылдарында жашап өткөн көрүнүктүү тоңдук комузчу Бектур Осмонов устаты Кошкулактын Таластын Чатбазарында үрүп чыгар ити, үстүнө үйрүп салар кийми жок томаяктын үй-бүлөсүндө туулганын, ата-энеден 9-10 жашында айрылып, “жигит болсо шок болсун, шок болбосо жок болсун” дегендей шок чыгып, ага-туугандарынын айткандарын укпай, өзүн-өзү билип, айылына батпай акыры сүрүлүп, Тоң болушунда жашаган кытай уруусуна келип, Эшимбек деген уруу башчысынын үйүндө туруп калганын айтып берген:

Мен Кошкулак менен алгачкы жолу тойдон жолугушуп тааныштым. Комуздун кылына жан сала черткен чыгаан комузчу экен. Мага анын черткен күүлөрү аябай жакты. Кошкулак кайда жүрсө кошо жүрүп, күүлөрүн үйрөнө баштадым. Эл бийлегендердин ичинен Кошкулактын кол ойното черткен чеберчилиги, көңүл отун жандырган күүлөрү Илебай болушка да жагат. Ал Кошкулакты айылына алып барып, ал турсун эки жакка чыкканда кошо ала жүрүп, комуз чертирип, эл, жер менен тааныштырып жүрдү. Эми мен Кошкулактын “Атаны кокуй сексен сом” деген күүсүн кандайча чыгарганы жөнүндө айта кетейин. Кошкулак күнүмдүк оокат үчүн Илебай болуштан карыздап ар кандай буюм-теримдерди алып жүрөт. Акчага айланган Кошкулактын карызы 80 сомго жетет. Ал ошол кездеги 80 койдун баасы экен. Бир күнү Кошкулак Илебайдын катышуусунда меймандарына жаңы чыгарган “Атаны кокуй сексен сом” деген кайрыктары арман менен муңга толгон күүсүн чертип берет. Күү бүткөндө Илебай болуш “Күүң мыкты экен. Баарынан кечтим мырзам, өнөрүң өркүндөсүн”, - деп Кошкулактын шыгына таазим эткен эле.

Элин, жерин таштап, жашоонун айынан бөлөк жерде, бөтөн элде жүргөн Кошкулак өз көзү менен көрүп, күбө болгон окуяларга карата “Угузуу”, “Жетим баланын арманы”, “Моюнчам”, “Кыз арманы” аттуу арман-жоктоо күүлөрүнүн өзүнчө бир түрмөктөрүн чыгарат. Алсак, Кошкулактын “Моюнчам” аттуу күүсүнүн чыгарылышына төмөнкүдөй окуя себепкер болуптур. Өткөн заманда аталаш эки бир тууган чычканга кебек алдырбаган байдын жылкысын багып жүрүшүп, күндөрдүн биринде ушунтип эле байдын эшигин сагалап, кара жаныбызды бакканыбызга куштар болуп жүрө беребизби, кой бай алдына баралы да, акыбызды доолап алалы дешип, бай алдына келишет. “Урматтуу таксыр, кыңк этпай көп жылы кызматыңызды иштеп бердик. Биз да эл өңдөнүп түтүн булатып, өз алдыбызча оокат кылсак дейбиз. Акыбызды берсеңиз үйүбүзгө кайтууга уруксат этиңиз”, дешип, чөгөлөп, баштарын ийе эки жылкычы байдан өтүнүч кылышат. Бай болсо бетинин түгүн сыртына чыгара, ызгаарын төгө “эмне силердин ичкен-жегениңер аздык кылабы, кечээки көчкү алдында калтырган беш байталды унутуп калдыңарбы? Мына, буларды кара, ит кутурса ээсин кабат дейт. Силер менден мал алгыңар келип турабы? Мына силерге мал!” – деп, укуруктун жоон башы менен жылкычынын бирин чыкыйга тартып жибергенде ал тырп этпай жан берет. Моюнчаалаш өскөн бир тууганы аны баса жыгылып - “атаны кокуй моюнчам”, - деп таппай зар какшаптыр. Ошол кайгылуу окуяны күүгө салдым эле. Күүмдүн аты “Моюнчам” деп мунканган муңдуу күүсүн чертет.

Жылдардын бир жылдарында Илебай болуш Кошкулак баштаган ат кошчу жигиттери менен Көлдүн көкүрөгүндөгү Кереге-Таштын чоң манап, элчи, олуя, комузчу Кыдыр акенинкине меймандап барып калат. Тоңдон ат-арытып, жол басып келген кадырлуу меймандарды Кыдыр аке жүз баштуу ак өргөөсүндө кабыл алат. Ал жайды сурашканча ак дасторкон да жайылат. Чай ичилгенден кийин Кыдыр аке колуна комузун алып өзүнүн жоктоо күүсү “Төгөчүнү” баш кыла күүдөн күүнү чертет. Илебай болуштун өтүнүчү боюнча комуз Кошкулакка сунулат. Ал атын атабай эки күү чертет. Ошондо төрдө күү кайрыктарына көшүлө отурган Кыдыр аке Кошкулакка тигиле карап “Балам, комузуңду токтото туруп, менин жаныма кел, уялба, төргө өт балам, өтө бер. Байлык мурас, кедейлик уят эмес. Барчылык бар бойдон, жокчулук жок бойдон турбайт. Ал экөө оош-кыйыш нерсе. Тартынбай өтүп, менин жаныма кел”, - деп жанына чакырып отургузат. “Балам, черткен күүлөрүңдү укпапмын. Күүлөрүң мыкты экен. Мен уккан, көргөн комузчулардан башкача, комузуңдун капкагын какпай, шумкар канат каккандай таза чертет экенсиң. Бир гана айтып коеюн комузуң анча чечен эмес экен. Мен түнү менен тиги Сары-Булактан бүктөмө өрүк комузду алдыртайын. Аны чертсең көзүң ачылат”, - деп атайын комуз алдырат. Кыдыр аке эки күнү Кошкулактын түркүн кайрыктардагы, түрдүү маңыздардагы күүлөрүн угуп, жарпын жазып, кетеринде үстүнө ичик жаап, астына ат тартуулаптыр. Ошондон кийин Кошкулактын атагы көл айланасына тараптыр.

Кошкулак болсо төрт-күлдүк Каныш аттуу кызга үйлөнүп, бала көрбөй жүрүп, 1981-жылы жарык жүйнө менен кош айтышат. Кошкулак армандуу тагдырда жашап өтсө да, шакирти таанымал комузчу Бектур Осмонов “Моюнчам”, “Угузуу”, “Жетим баланын арманы”, “Кыз арманы”, “Төрөкелди”, “Кошкулактын шыңгырамасы” аттуу жоктоо, арноо күүлөрүн Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынын “Алтын казнасына” ХХ кылымдын 60-жылдарынын башында жаздырат. Ошентип, Кошкулактун өзү өлсө да, мусалык мурастары өлбөй-өчпөй кыргыз угармандары менен жашап келүүдө.
XS
SM
MD
LG