Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:32

Өтүп бараткан жума кыргызстандыктардын эсинде Боинг-737 учагынын кырсыкка учурашы менен калып, Шанхай кызматташуу уюмунун Дүйшөмбү саммити, бийликтин энергетикалык кризистин себептерин түшүндүрүү аракеттери менен коштолду.

Эгемендүүлүк күнүндөгү оюн-зоокту токтоткон аба кырсыгы

Бүгүн 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү. Мындан 17- жыл илгери ал кездеги Жогорку Кеңеш, кийинчерээк “легендарлуу парламент” деген атка ээ болгон парламент Кыргызстандын эгемендүүлүгү жөнүндө декларация кабыл алган. Бирок быйыл эгемендүүлүк күнү Бишкектин борборундагы “Ала-Тоо” аянтында театрлаштырылган оюн-зоок болбойт. 24-августагы көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген аба кырсыгына байланыштуу өкмөт мына ошондой чечим кабыл алды.

Аба кырсыгы демекчи, өткөн жекшемби күнү кечинде болгон аба кырсыгы Кыргызстан тарыхындагы эң ири, эң көп киши өлүмүнө алып келген аба кырсыгы катары баалунууда. Анын себептерин иликтөө максатында түзүлгөн эки комиссия ишин улантууда. Мамлекеттик комиссияны премьер-министр Игорь Чудинов жетектөөдө. Мындан сырткары транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановдун буйругу менен да комиссия түзүлгөн. Анын катарына Москвадагы Эл аралык аба комитетинин адистери тартылган. Бул комитеттин өкүлү Леонид Каширский баштаган топ Кыргызстанга келип, кырсык болгон жерде иликтөө иши баштаган. Иликтөөлөрдүн жүрүшү, алгачкы жыйынтыктар боюнча транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановго бир катар суроолор менен кайрылган элек:

“Азаттык”: - Нурлан мырза, аба кырсыгында 65 адам өлүп, 22 адам ооруканага түшкөн. Ал эми жалпысынан учакта 90 адам болуп, натыйжада үч адамдын дайыны жок болуп жаткан. Алардын тагдыры аныкталдыбы?

Н.Сулайманов: - Үч адам амбулатордук түрдө дарыланып, дароо эле үйүнө кеткени аныкталды.

“Азаттык”: - Демек каза болгондордун саны 65 бойдон?

Н.Сулайманов: - Ооба, 65. Тирүү калгандардын саны 25 киши.

“Азаттык”: - Кырсыктын себептерин эки комиссия иликтеп жатат. Жыйынтыктары качан чыгат?

Н.Сулайманов: - Транспорт жана коммуникация министрлиги түзгөн комиссияны Мамлекеттер аралык аба комитеттин аба кырсыктарын иликтөө боюнча департаментинин төрагасынын орун басары жетектеп, алар иштеп жатат. Өкмөттүн комиссиясын премьер-министр Игорь Чудинов жетектөөдө. Бизге Мамлекетер аралык аба комитетинин буйругу менен көз карандысыз комиссия келген. Аны биз иликтөө бир жактуу болуп калбасын деген максатта чакырганбыз. Эгерде иликтөөнү министрликтин алдындагы аба департаментине берсек, анда лицензия берген тарап өзү текшерип, натыйжада бир жактуу карап калышы ыктымал деген ой болушу ыктымал. Ошондуктан Мамлекеттер аралык аба комитетин атайын адистерин чакырганбыз. Ошол жерден төрт адам келип, бүгүнкү күндө иликтөөнү бүтүп жатышат. “Кара кутуча” азыркы кезде Москвада. Анда жазылгандарды аныктоого аракет жасалууда.

“Азаттык”: - Ал “Кара кутучадагы” жазууларды аныктоо качан аяктайт?

Н.Сулайманов: - Эми мен качан расшифровкалап бүтүшөт айта албаймын. Анын үстүнө ал абдан катуу күйүп калган экен.Бүтсө эле айтабыз деп жатышат. Бул жердеги негизги иликтөөлөр бүттү. Ал иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, учак жерге келип тийгенге чейин толугу иштеп турган экен. Бузугу болгон эмес.

“Азаттык”: - Кызык, анда кырсыктын себеби учкучтардын катачылыгына байланыштуу болуп жатабы?

Н.Сулайманов: - Ошондой деген божомол бар. Азыр ошондой божомолго келип жатышат. Анан мен мына ошондой деп айта албаймын. Ага менин компетенциям жок. Бирок адистердин божомолу ошондой болуп жатат.

“Азаттык”: - Кыргызстандын авиакомпанияларына Европага учууга тыюу салынган. Бул “кара тизмеден” чыгуу үчүн министрлик кандай иштерди жасап жатат жана бул качан ишке ашат?

Н.Сулайманов: - Биздин министрлик эки жылдан бери “Аба” кодексине, 19 аба эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизип, департаменттин инспекторлорунун айлыгын, санын көбөйтүп, Европа Комиссиясы койгон бардык талаптарды аткардык. Эми азыр кептин бардыгы авиакомпанияларда калды. Алар “кара тизмеден” чыгуу үчүн учактары, учкучтары, бардык кызматкерлерине коюлган талаптарды аткарыш керек. Андан сырткары авиапаркынын абалы да талаптарга жооп бергидей болуш керек. Себеби асманга учканда биринчи кезекте учкучтун квалификаицясы жана учактын абалы эң чоң ролду ойнойт. Ошолордун бардыгын биз азыр жөнгө келтирип, инспекциялап бүтүрсөк, мен ойлоймун маселени чечебиз. Ал эми министрлик, департамент кара тизмеден чыгууга даяр.

“Азаттык”: - Нурлан мырза, сизге чоң рахмат.

Дүйшөмбү шаарындагы ШКУнун саммити



Бул жумада, 28-августа Дүйшөмбү шаарында Шанхай кызматташуу уюмунун 8-саммити болду. Казакстан, Кыргызстан,Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирген бул уюмдун саммити Москванын Кавказдагы согуш аракеттери болгондон кийин чакырылып, мына ошонусу менен бүйүрдү кызытып турган. Кавказ чатагына байланыштуу Батыш менен араздашып калган Орусия Дүйшөмбү саммитинде чыгыштагы досторунан колдоо алууга жана Батыштын региондогу кызыкчылыктарына карышылык көрсөтүүгө аракеттенет деген божомолдор айтылган. Москванын мындай аракетинен АКШнын да, Орусиянын да аскерий аба базаларын жерине жайгаштырууга уруксат берген Кыргызстан кыйын абалда калат деп күтүлгөн. Бирок Дүйшөмбү саммитинде, 2005-жылы Астана саммитиндегидей “Манас” аба майданындагы АКШ базасы жөнүндө сөз болгон жок. Тагыраак айтканда, саммит кабыл алган документтерде бул маселе көтөрүлгөн эмес. Ал эми көзмө-көз жолугушууларда кандай болгону белгисиз.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов Орусия Дүйшөмбү саммитинде Кавказдагы саясаты үчүн колдоо таба алган жок деп эсептейт:

Мындай учурда Орусияны жакшы колдоп коюш керек эле. Аны Беларустан башка эч ким колдобой койду го. Ошондуктан Осетия, Абхазия боюнча дүйнө жүзү менен карама-каршы жалгыз болуп калганда Орусияны кичине колдоп койсо туура болмок эле.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев да ушундай эле пикирде:

Биздин президент саммитте туура маселе көтөрдү. Энергетикалык, азык-түлүк кризисин биргелешип чечейли деп. Ал эми ШКУнун маселесине келсек, баары эле күтүп жаткан, баары болбосо да көпчүлүк күтүп жаткан, ушул жерден Россиянын позициясына колдоо көрсөтүлөт деп. Анан өзүңүздөр көрдүңүздөр андай колдоо болгон жок.

Бирок Орусия Кавказдагы саясатына колдоону 5-сентябрда алууга аракеттенбей койбойт. Анткени 5-сентябрда Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезексиз саммити чакырылууда. Бул саммит ЖККУнун төрагасы болгон Кыргызстандын борборунда октябрь айында боло турган уюмдун кезектеги саммитине бир ай калганда шашылыш чакырылууда. Анда Жамааттык коопсуздук уюмуна кирген өлкөлөр Кавказ чатагына өздөрүнүн позицияларын ачык айтышы ыктымал. ЖККУга Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Армения, Беларус, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.

АКШ Кыргызстандын энергетика жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого тартылууда



Кыргызстандын тышкы саясатындагы да бир маанилүү багыт болгон батыш боюнча бул жумада жылыштар болду. Коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаков 26-августа АКШнын Кыргызстандагы иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Л.Литценбергерди кабыл алып, Манасты пайдалангандыгы үчүн АКШ жыл сайын төлөөгө макулдук берген 150 миллион доллардын башын ачууга кызыкты. Исмаил Исаков жолугушууда АКШ тарабынан берилген жардамдын түрүн аныктоого катышууга, азык-түлүк жана энергетика багытында биргелешкен долбоорду ишке ашырууга Бишкек кызыкдар экенин билдирген. Бул маселени талкуу жума күнү ишке киришкен АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Татьяна Гфеллер-Волкова менен уланарын коопсуздук кеңештин катчысы белгилеген.

Кыргызстан энергетикалык кризистин кучагына кирип баратат



Бул кырдаал Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтерин тезинен куруу канчалык маанилүү экенинен кабар берип турат.Чаканыраак болгон Камбар-Ата-2 ГЭСин Кыргызстан өзү курууда. Бирок Камбар-Ата-1 курууга чамасы келбейт. Ага ири инвесторлор керектиги айтылып, Россия, Казакстан курулушка катышууга кызыкдарлыгын билдирген. Бирок кызыгуудан ары карай иш жылбай турат. Президент Курманбек Бакиев 17-июлда Москвага жумуш сапарында бул ГЭСтердин курулушуна орус инвестициясын тартуу маселеси алга жылганын жана жакын арада маселени чечүү үчүн жогорку деңгээлде жумушту топ түзүлөрүн билдирген. Ага чейин 2007-жылы ШКУнун Бишкек саммитинде орус президенти Владимир Путин Кыргызстанга 2 миллиард доллар инвестиция убада кылган. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин айтымында, убадалар аткарылбай, сөз бойдон калууда. Мына ошондуктан коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаковдун АКШ тарапка көңүл буруп, энергетика багытында биргелешкен долбоорду ишке ашырууну сунуштоосу туура кадам болууда:

Путин 2 миллиард берем деп берген жок. Анан Кыргызстан эми реалдуу карап, батыштан жардам болбосо калган жактан чыкпайт деп калды.Ошондуктан маселени туура коюп жатат. Анткени биргелешкен өндүрүш ачылса, башка экономикалык долбоорлор болсо, ошолорго көңүл бурулса, биз алга жылып кетебиз. Ушул багытта иштесек туура болот. Ошондуктан туура маселе коюлуп жатат.

Ал эми өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин жетекчилиги орус инвестициясы, президент айткан жумушчу топ түзүү багытында иштер жүрүп жатабы деген сурообузга жооп бере алган жок.

Энергетикалык кризиске табийгат эле күнөөлүүбү?



Бул жумада энергетиктер башка региондор менен катар Бишкекте да электр энергиясын берүүнү чектей башташты. Эл арасында нааразылыктар, ар кандай сөздөр чыгып жатканын байкаган бийлик чектөөлөрдү киргизүүнүн себеби тууралуу өз жүйөөлөрүн айта баштады. Жуманын соңунда Таласта жумуш сапар менен болгон президент К.Бакиев Токтогул суу сактагычында суунун азайышын, ага жараша киргизилген чектөөлөрдүн себебин мындайча түшүндүрдү:

Саясатчылар Токтогул суу сактагычындагы сууну бийлик коңшу мамлекеттерге сатып жибергендиктен суу азайып кеткен деп жатышат.Бул туура эмес. Инжинер катары айтайын, Токтогул суу сактагычындагы суу кыштын катаалдыгы, жаздын кургакчыл келишине байланыштуу болду. Кечээ Дүйшөмбүдө болгондо, элчиликте иштегендер айтты, тажик борборунда күнүнө эки ай бою бир саат, эки сааттан гана энергия алып турушкан.

Бирок саясатчылар жана адистер бир эле табийгатка шылтап койгон туура эмес деп эсептейт. Кыргызстан энергетиктер бирикмесинин башчысы Жамалбек Түлөбердиев кыштын сууктугу, жаздын кургакчылдыгы эле эмес, өткөн жылы сууну ашыкча агызуу азыркы абалдын себеби деп эсептейт:

Болгону былтыр сууну дурустап үнөмдөп иштетишкен жок. Жыл бою сууну көп агызып коюшту. Казактарга энергия сатабыз деп, суу көп кетип калды. Андан сырткары былтыр Ош ТЭЦ, Ата-Башы ГЭСи сегиз ай токтоп турду. Ошондуктан сууну акылга салып иштетиш керек эле. Анын үстүнө былтыр, быйыл кургакчыл болорун баары билишкен. Эми ал өтүп кетти. Аны кайрый албайсын. Азыр эмне кылыш керек ошону ойлош керек. Эң башкысы азыр ТЭЦтерди иштетиш керек. Бишкек Ош ТЭЦтери 4 миллиард электр энергиясын чыгарууга кудуреттүү. Ошолорду иштетиш керек.

Ал эми оппозициялык «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев энергетикалык кризиске өкмөттүн туура эмес саясатын күнөөлөйт:

Табийгаттын кургакчыл болушу да себеп болуп жатат. Бирок негизги себеп өкмөттүн туура эмес иштеши болууда. Анткени энергетиканы башкарган адамдар элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон адамдар эмес. Энергетиканы Балкыбеков башкарат деп айтылат. Аны Балкыбеков башкарбайт. Аны таптакыр башка адамдар башкарат. Аларга Курманбек Бакиевдин да тиши өтпөйт, алы да жетпейт. Анткени жогоруда айтылгандай ал жерде таптакыр башка адамдар отурат. Ошолор чечип жатат. Жанагы биринчи улуттук долбоор деп жатышпайбы Камбаратаны, аны да ошолор башкарып жатат. Сууну ошолор коюп жиберип, элдин жарыгын ошолор өчүрүп жатат.

Албетте, энергетика системасындагы кризис, азык-түлүк кымбатчылыгы бийликти тынчсыздандырып, ал эми оппозицияны чечкиндүү аракеттерге барууга түртүп турат. Саясий күрөштүн курчуусуна 5-октябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге, анын ичинде Бишкек шаардык кеңешине шайлоо да өзүнүн үлүшүн кошоору бышык.

Оппозициялык «Акыйкат үчүн» кыймыл 29-августа билдирүү мене чыгып, анда азыркы бийликти реформаларды жүргүзүүгө жөндөмсүз, энергетикалык, азык-түлүк кризисине алып келди, сөз эркиндигин кысымга алууда деп айыптады. Оппозиция «Мындай жашоого болбойт!» деген ураан менен ноябрь айында курултай өткөрүүнү белгиледи.

Ошентип, эгемендүүлүктүн 17-жылын Кыргызстан энергетикалык кризис, азык-түлүк кымбатчылыгы, ага байланыштуу саясий күрөштүн кайрадан жандануусу менен тосуп алууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG