Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Өтүп бараткан аптада Кыргызстандын тарыхында оор кырсык катталды. Жергиликтүү “Итек эйр” авиакомпаниясына тиешелүү Боинг-737 үлгүсүндөгү аба учагы “Манас” аба майданына жакын жерге кулап, анда 65 адам мерт болгондугу, 25 адам жабыр тарткандыгы жамы журттун үрөйүн учурду. Кырсык өлкөдөгү аба каттам тармагынын проблемаларын коомчулукка өзү менен кошо алып чыкты.

Ошентип, “Итэк Эйр” компаниясына таандык Боинг-737учагы Бишкек-Тегеран сапарына чыгып баратып кырсыктады. Учактын ичиндеги 90 жүргүнчүнүн 52си ирандык, экөө канадалык, үчөө казакстандык, бирөө кытайлык жана дагы бирөө түркиялык калгандары кыргызстандыктар болчу. Булардын ичинен болгону 25киши жанын сактап калды. Жергиликтүү байкоочулар жардам дароо келгенде мындан да көбүрөөк киши аман калат беле деп болжошот. Кырсык болгон жерден 500 метр чамалаш окчун жашаган Кенжебек Турдукеев аттуу дыйкан өз көргөн-билгендери тууралуу кырсык болгондон кийин дароо “Азаттыкка” буларды билдирди:

- 500 метрге жетпейт бу жерге менин жашаган жеримен-вагондон. Эгер бурулбаганда бизди басып кетмек.

- Канча киши элеңер силер?

- Аялым экөөбуз болчубуз.

- Эмнени көрдүңөр силер?

- Самолет учуп келатканын көрдүк.

- Канчалык бийиктиктен кулады?

- 500 метрдей болот го. Жаңы эле көтөрүлгөн. Көтөрүлүп барып, кайра бурулуп түштү. Түшкөндөн кийин 10-15-20 мүнөттөн кийин жарылды. Жүргүнчүлөр “Жардам! Жардам!” деп кыйкырып атышты. Анан мен телефон чалып, милицияларды чакырдым. Сүрүлүп барып түштү. Көрбөйсүнбү мотору тиги жерде жатат. Мен бул жерге биринчи келдим. Андан кийин айыл өкмөтү, милициялар, башкалар келишти, анан эл келди.

Алгач маалымат берген расмий өкүлдөрдүн бири, президенттин мамлекеттик кеңешчиси Токон Мамытов учактын кандай жагдайда түшкөндүгү тууралуу буларды айтып берди:

- Учак бийикке көтөрүлгөндөн кийин эле командир учактын ичине аба кирди (разгерметизация) деген белги болуп атканын билдирген. Алдын ала текшерүү бортто кандайдыр бир үн пайда болгонун көрсөткөн. Учак конууга уруксат алып, кайра бурулуп, конууга келатканда кескин ылдыйлап, биринчи жолу жерге тийген, экинчи жолу жерге урунгандан кийин күйүп баштаган.

Ошентип, миң чакырым чамалаш көтөрүлгөндө кайра конууга аргасыз болгон учак “Манас” аба майданына жетпей, Жаңы Жер айылынын жанындагы ээн талаада жерге катуу урунуп, анан өрттөнүп кеткен. Өрттөнгөн учактан чыга албай калган 65 кишинин сөөгүн аныктоо иштери апта боюу уланды. Бул маркумдардын жакындарынын нааразылыктары менен коштолуп, расмий бийлик өкүлдөрү аларды жоошутуу менен алектенди. Бийлик болсо аза күтүү күнүн жарыялады, эгемендиктин 17 жылдыгын салтанаттоону токтотту.

Ушундай кесепеттерге кирептер кылган авиакырсыкка эмне себеп болушу мүмкүн? Бул суроо менен азыр ар кайсы комиссиялардан, атайын кызматтардан тартып, жөнөкөй адамдарга чейин баш оорутушууда. Кыргызстандын аба тармагынын ахыбалын эске алган “Эйр Центр Азия” компаниясынын жетекчиси Закиржан Султанов кырсык болуу кооптуулугу мурдатан эле күтүлүп келаткан дейт:

- Бул кырсык күтүлгөн. Кырсыктан элди кудай сактап келген. Адистер жок, көп адистер кетип калышкан, компетенттүү эмес адамдар көп отуруп калган бул тармакта. Мисалы, аэропортто ошол эле авиацияга тиешеси жок, же болбосо департаментте деле автомобилист же башка адистегилер канча жыл иштешти. Эми жетекчилик көз салбаса дагы кандай курмандыктар күтүп атканын ким билет.

Кырсыкты жарылган учактан ээси - “Итэк Эйр” компаниясы кырсык террактан келип чыгышы мүмкүн деп болжоду. Муну компаниянын өкүлдөрү учактын Иранга учуп баратышы менен негиздөөгө аракет кылышты. Расмий тарап болсо учак кулап түшкөндөн тарта эле мындай божомолго кошулган жери жок. Жума күнү “Азаттыкка” берген интервьюсунда Транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов терракт болгон-болбогонун аныктоого Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы киришип жатканын айтты:

- Террактан талкаланды дегенге мен ишенбеймин. Бул божомолду жокко чыгаруу үчүн, криминалисттик-баллистикалык топ бар экен ФСБда, Россияда, ошолордун адистерин чакырып, терракт болсо жарылуу белгилери калат экен, ошого тыянак чыгарып беребиз деп атышат.

Учактын ичине аба кирип кетиши мүмкүн деген алгачкы расмий божомолду көз карандысыз адистер азыр караманча жокко чыгарып, муну учактын анча бийик көтөрүлө электе кырсыкташы менен түшүндүрүүдө. Ал эми экипаж командири Юрий Гончаровду билгендер, анын тажрыйбасын айтышып, экипаж учакты башкара албай калды деген божомолду жуутпай жатышат.

Эң негизги божомолдордун бири учактын бузуктугу менен байланыштырылууда. Кырсыкка кабылган учак 4-августта Алматыда техникалык кароодон өткөндүгүн эске алган “Итэк Эйр” компаниясы дагы, авиация департаменти дагы бул дооматка ынабай турушат.

Учурда кырсыктын себептерин өкмөттүк, Орусиянын адистеринин катышуусундагы техникалык комиссиялар аныктоо аракетин жасашууда. Кырсыктын сырын ачат деп үмүттөнгөн “кара куту” Москвада иликтенүүдө. Ошондон улам кырсыктын күнөөлүүлөрүн аныктоого прокуратурада да негиз түзүлө элек. Ага жараша Акыйкатчы институту, “Акыйкат үчүн” кыймылы өңдүү тараптардын күнөөлүүлөрдү жазага тартып, авиация тармагын кайра башынан жапырт текшерип чыгыш керек деген сунуштарына маани берилбеген бойдон турат.

24-августта кулап түшкөн Боинг-737 учагынын ээси “Итэк Эйр” ишканасы Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн аймагында учууга тыюу салынган учактардын бири. Коопсуздук боюнча Чикаго конвенциясына, Евростандартка дал келбейт деген негиз менен мындай тыюу салууга 2006-жылы 27 компания тушуккан. Аталган компаниялардын бири дагы азыр бул тыюу салуудан кутула элек. Жогорку Кеңештин депутаты, “Эсен Эйр” компаниясынын мурдагы ээси Бегаалы Наргозуев Кыргызстандын жарандык авиациясынын мындай жагдайга кирептер болушун бул тармактагы чарбасыздыктан көрөт:

- Еврокомиссиянын токтомун көтөрсөңүз, ал жерде үч эле күнөө коюлган. Биринчиси, жарандык авиация департаменти коопсуздук боюнча милдеттенмелерди, эрежелерди сактоого мүмкүнчүлүгү жок деген. Транспорт министрлиги, департамент айткандай, авиакомпаниялар, эски учактар жөнүндө ал жерде сөз жок. Экинчи пунктунда Еврокомиссия минтип жазат: Кыргызстанда иштебеген, чет өлкөдө иш жүргүзгөн авикомпанияларды Кыргызстанга каттоого тургузуп койгон. Үчүнчүсү, авикомпаниялар бирдиктүү иштебей, чаржайыт иштейт деп айтылат.

Ал эми транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов болсо азыркы түзүлгөн жагдайды мурдагы бийликтин күнөөсү деп, азыркы бийлик аны жолго коюу үчүн колунан келгенин жасап атканын кошумчалады:

- 2006-жылы текшерип чыккандан кийин жарандык авиацияны өнүктүрүү, элдердин коопсуздугун сактоо, техникалык паркты жакшыртуу боюнча ишти колго алганбыз. Программа түзгөнбүз. Программанын негизинде 2007-жылы “Аба кодексин” түздүк. Жогорку Кеңеш аны кабыл алгандан кийин авиациялык 19 эреже иштеп чыктык. Ал да убагында иштелген эмес. Юстиция министрлигине каттоого алынган бул эрежелер аркылуу компаниялар текшерүүгө алынды. Андан тышкары 19 авиакомпаниянын ишмердигин толугу менен токтоттук. 150 учакты реестерден чыгардык. Бул чоң жумуш.

Министрдин айтымында, Кыргызстанда 35 авиакомпания, 76 учак бар. Кыргызстанда каттоодо турган авикомпаниялардын онунда гана менчик учактары бар. Алардын ичинде кырсыктаган “Итэк Эйрдин” учагы менчикпи-менчик эмеспи, дегеле бул компаниянын артында кимдер турат деген маселе көтөрүлүп, бирок ага жооп табыла элек.

Бир топ талдоочулар Кыргызстандын жарандык авиациясынын ишмердүүлүгүн көз карандысыз комиссия аркылуу иликтеп, ага баа берүү жана бул тармакты эл аралык стандарттарга ылайыктап, реформалоо зарыл деген көз карашты айтып жатышат. “Эйр Центр Азия” компаниясынын жетекчиси Закиржан Султанов да мындай көз карашка тилектештигин билдирди.

Ошол эле мезгилде жарандык авиация департаменти Кыргызстандын эл аралык аброюн оңдоо үчүн болгон аракеттер жасалып жаткандыгын айтып, коюлган дооматтарды четке кагууда. Маселен, департамент директорунун орун басары
Бакыт Жолдошев “Азаттыктын” түз маегинде буларды белгиледи:

- 18-июлда министр, департамент жетекчиси болуп Еврокомиссияга биз барып келдик. Ал жерде энергетика жана транспорт боюнча департамент башчысына ишибиздин баарын айтып бердик. Ал көп жумуш кылганыңар купулубузга толуп атат дейт. Авиациялык эрежелер, аба кодексин иштеп, департамент кызматтарын, айлыкты көбөйтүп, жакшы жумуш кылдыңар дейт. Эми алар дагы келип текшериши керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдалиевдин көз карашында, эл аралык тыюу салуулардан чыгууга ыкчам аракеттерди жасаба Кыргызстандын авиция тармагынын кадыры кетип, иши аксайт:

- Жалпы эле начар деп айтса болот. Бул эми элди коркутканга жатпайт. Далай-далай чет өлкөлөрдө болобуз. Алар менен биздикин салыштырып болбойт. “Кара тизмеге” киргени да ошондон. Бизден бир да самолетту мына Европага киргизбей атат.

Кыргызстан авиациясынын башында тургандар дагы эле быйыл Евросоюз бул тоскоолдукту алып салар деген үмүттө турушат. Ошол эле мезгилде 65 кишинин өмүрүн алган авиакырсыктан кийин буга ишенгендердин саны азайды. Ал гана эмес, кыйла байкоочулардын баамында Кыргызстандагы аба каттамдар аркылуу жүрүүгө муктаж жүргүнчүлөрдө кооптонуу күч болуп турат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG