Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Кыргызстандык жаш ырчылар Нена жана Эрлан Андашев Украинанын Симферополь шаарында өткөн “Чыгыш базары-2008” эл аралык фестивалына катышып, үчүнчү орунга ээ болуп кайтышты. Ырчылардын продюсерлеринин айтуусунда, сынакка жалпысынан 25 өлкөдөн 55 өнөрпоз катышкан. Ал эми фестивалда Нена Ашыраалы Айталиевдин “Нарындан жазган салам кат” аттуу ырын тартуулаган.

“Ордо сахна” фольклордук тобу бул жумада Швейцарияга жөнөп кетти. Топтун солисти Бакыт Шатеновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, чыгармачылык сапардын негизги максаты Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Швейцариянын Женева жана Давос шаарларында концерт тартуулоо.

Белгилүү кинорежиссер Эрнист Абдыжапаров “Ашык болгон ууру” аттуу фильмди тартууга киришти. Тасмада сүйүү, өмүр жана өлүм темалары камтылган. Фильмдин экинчи режиссеру Айбек Дайырбеков билдиргендей, учурда актерлорду тандоо иши жүрүүдө.

Кыргызстандык жаш пианист Азамат Сыдыковдун эл аралык сынакка даярдануусу үчүн өлкө башчысы 100 миң сом акча бөлдү. Азамат Сыдыков Нидерланд, Кытай, АКШда болуп өткөн сынактарга катышып, учурдун 20 мыкты пианисттеринин катарына кирген.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Аркадий Осташевдин жаркын элесине арналган көргөзмө өтүүдө. Анда сүрөтчүнүн өлкөнүн сүрөт сактоо фондунан алынган графикалык жанрдагы 18 эмгеги коюлган. Бул музейге келген сүрөт күйөрмандары ошондой эле кыл калем чебери Жусуп Матаевдин жеке көргөзмөсүнө күбө болушат. Анын бул көргөзмөдө 70 тен ашык графика жана живопись жанрында тартылган эмгектери коюлган.

27-августта Орусияда орус киносунун күнү белгиленип, анын алкагында белгилүү орус киноишмери Александр Ханжонковду эскерүү жөрөлгөсү болду. Ошондой эле маркумдун урматына орус кинолорунун алтынчы кинофестивалы ачылды. Фестивалдын жүрүшүндө XX кылымдын башында тартылган орус тасмалары көрсөтүлдү.

Германияда Нобель сыйлыгынын лауреаты Гюнтер Грасстын жаңы эмгеги жарык көрдү. Анын аталышын “Караңгы бөлмөнүн тарыхы” деп которсо болот. Испаниянын Ла-Корунья шаарында Пол Стренддин жеке көргөзмөсү ачылды. Анда сүрөтчүнүн 1915-жылдан тарта 1976-жылга чейинки тарткан эмгектери коюлган.

Орусиянын президенти Дмирий Медведев Орусиядагы мамлекеттик академиялык театрдын артисти, балет труппасынын көркөм жетекчиси Алексей Ратманскийди 40 жылдык мааракеси меенн куттуктады. Куттуктоо баракчасында Ратманскийдин өлкөнүн бий өнөрүнө кошкон салымы жогору бааланган.

Бул жумада Швеция королу Карл XVI кезектеги “Полар” музыкалык сыйлыгын тапшырды. Музыка жаатында нобель сыйлыгы катары бааланган бул байгеге опера ырчысы Рене Флеминг жана “пинк Флойд” тобу татыктуу болушту. Сыйлыктын өлчөмү 167 миң долларды түзөт.
XS
SM
MD
LG