Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

17:05 Эгемендүүлүк күнү Нарын облусунун губернатору жаңы реформанын программасын шардана кылды


Нарын шаарынын борбордук “Эркиндик” аянтында болуп өткөн Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн күнүнө арналган салтанатта быйылкы жылы губернатор Өмүрбек Субаналиевден башка жарандарга куттуктоо сөз берилген жок. Өз сөзүндө губернатор Кыргыз Республикасында демократиялык кадамдар жүзөгө ашырылып жаткандыгын билдирип, 2008-2020-жылдар аралыгындагы стратегиялык өнүгүү программасы иштелип чыккандыгын жарыя кылды. Бул программага ылайык, Теңир-Тоо жергесинде 103 долбоор 27 млрд. сомго ишке ашырылаарын губернатор белгилеп кетти. Эгемендүүлүк күнү айыл-чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси уюштурулуп, улуттук кол өнөрчүлүктүн жана тамак-аштын көргөзмөлөрү тартууланды. (KUs)

XS
SM
MD
LG