Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:44

17:10 Баткендеги салтанат мамлекет башчынын сүрөттөрү жана “Ак жол” партиясынын желектери менен коштолду


Баткен облусунун район, шаарларында да эгемендүүлүктүн 17 жылдыгы белгиленди. Кадам Жай шаарчасында Ооган жана Баткен согуштарынын катышуучулары тарабынан тургузулган “Үч муундун баатырларына даңк” эстелик комплексинин ачылыш аземи болду. Ал эми Баткен шаарында өткөн салтанатта облустун губернатору Марат Жумабеков өткөн сегиз айдагы жетишкендиктерге токтолуп, анын ичинде өкмөттүн маалыматтык коопсуздук маселесине багытталган, баасы 59 млн. сомдук сан-ариптик телекөрсөтүү долбоорунун курулушун дагы белгиледи. Майрамдык жыйындын расмий бөлүгүн облустагы мекеме, ишканалардын майрамдык жөө жүрүштөрү менен аягына чыгарды. Жүрүштүн катышуучулары президент Курманбек Бакиевдин сүрөттөрүн жана “Ак жол” партиясынын желектерин көтөрүп өтүштү. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG