Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Гордон Браун: “Батыш Орусиянын барымтасында калбашы керек”


Британиянын премьер-министри Гордон Браун “Батыш Орусиянын барымтасында калбашы керек” деп билдирди. Бул тууралуу министр Браун бүгүн “Observer” гезитине курган маегинде айтты. Өз сөзүндө Гордон Браун Европа чукул арада мунай жана газдын кошумча булагын издеши керектигин белгиледи. Дүйшөмбүдө Брюсселде өтө турган Евробиримдиктин саммитинде Гордон Браун орусиялык жоокерлердин Грузиянын аймагынан толугу менен чыгып кетиши жана Грузиянын аймактык бүтүндүгү маселелерине басым жасамакчы.

XS
SM
MD
LG