Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Орусиянын жакында эле Кавказдагы согуштук аракеттеринен улам Батыш өлкөлөрү бир добуш менен Кремлди сынга алгандан көп өтпөй, Улуттар Уюму алардын жолун жолдогондо, расмий Москва колдоо издеп Чыгышка кайрылган. Бирок Москвага колдоосун билдирген Белорустан башка КМШ өлкөлөрүнүн бирөө дагы Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин таанууга шашылган жок.

Өткөн аптада Москва Шанхай Кызматташтык Уюмуна колдоо издеп кайрылды. ШКУга Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Орусия мүчө. Эгерде сиз бул тизмеге ШКУга байкоочу макамына ээ Индия, Иран, Пакистан жана Монголияны кошсоңуз, анда ШКУга мүчө өлкөлөр Жер шаарынын төрттөн бир бөлүгүн ээлерин жана калкы дүйнө элинин төрттөн бир бөлүгүн түзөрүн элестете берсеңиз болот.

28-августта Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитте Орусиянын Кавказдагы аракеттерине сыпаа колдоо билдирген декларация кабыл алынды. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери “Орусиянын Түштүк Кавказдагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерин” колдогону менен, аймактык бүтүндүк жана эл аралык укуктар принциптерин сактоонун зарылдыгын Москванын эсине салды. Мына ушул бири-бирине коошпогон кайрылуунун өз себеби бар. Борбор Азия өлкөлөрүндө чек ара жана этностор аралык талаштуу маселелер аз эмес.

ШКУга мүчө мамлекеттер Орусиянын Грузияга каршы саясатын тикелей колдоого албай этият саясатты кармашканы менен, бийликчил басма сөз каражаттары муну “Орусиянын жеңиши” катары сыпатташты. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Дүйшөмбүдө ШКУнун саммитинде сүйлөгөн сөзүндө кесиптештерин Москванын позициясын “түшүнүү менен кабыл алгандары үчүн” ыраазычылыгын билдирди. Кабарларга караганда, айрым президенттер көшөгө артында колдоо көрсөтүшкөн.

“Время Новостей” гезитинин баяндамачысы Аркадий Дубнов орус делегациясынын атын атабаган мүчөсүнө шилтеп, Кытай лидери Ху Цзинтао Медведев менен жүзмө-жүз жолугушууда “Орусиянын согуштук аракеттерин жана Түштүк Осетиядагы дипломатиялык иш-чараларына толугу менен колдоо билдиргенин” жазып чыкты. Журналисттин айтымында, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов да ушундай кылган. Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежаддын Медведев менен жолугушуулары учурунда орус лидерине эмне дегени белгисиз.

Расмий түрдө ШКУнун лидерлери уюмда башкы ролду ойногон Кытайдын таасири алдында АКШга карата сылык-сыпаа мамиле жасап, бирок өтө эле жакындашуудан оолак болууга аракет жасашат. Расмий Бээжин бул жана башка маселелерде Вашингтон менен мамилелерин катаалдаштырууну каалабайт. Ошол эле учурда Орусия менен Батыштын алакасы салкындаганы Кытай үчүн пайдалуу. Себеби, андай болгондо Москва Бээжин менен жакшы мамиледе болууга муктаж. Мындан сырткары Москва менен Батыш ортосундагы тирешүүлөр эл аралык коомчулуктун көңүлүн Тайван жана Тибет сыяктуу Кытайдын башын ооруткан маселелеринен алагды кылууда.

Дүйшөмбү шаарында Кытайдын төрагасы Ху Цзинтаонун жогорудагы факторлордон улам Медведевге көрсөткөн колдоосунун себебин түшүндүрүүгө болот. Ал эми Борбор Азия өлкө лидерлеринин Москваны колдоосу – алардын Орусия менен Кытайга болгон экономикалык жана саясий көз карандылыгы менен түшүндүрсө болот.

Орусия менен Батыш ортосундагы мамилелердин курчушунан улам ШКУга мүчө өлкөлөр өзөктүк куралга ээ болгон Орусия менен 2 жарым миллион жоокерден турган Кытайдын армиясын бириктирип, НАТО өңдүү альянс түзө алабы? “Бир сөз менен айтканда, жок, түзө албайт”, дешет серепчилер. Себеби буга чейин айтылгандай ШКУнун лидери Кытай евразиялык НАТО түзүү идеясын колдобойт. Расмий Бээжин Орусия, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен аскердик биримдик түзүүгө муктаж эмес. Кытай илгертеден бери өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын өз күчүнө таянып коргоо саясатын жүргүзүп келет.

Кытай үчүн ШКУ – аймактагы маселелерди чечүү жана транзит жолу болгон Борбордук Азия өлкөлөрүнүн үстүнөн көзөмөлдү кармап калуунун жакшы мүмкүнчүлүгү гана.
XS
SM
MD
LG