Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

Тажикстанда өткөн Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитинин тегерегинде сөзүбүздү улантсак. 28-августта болуп өткөн бул саммиттин жыйынтыгында уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери “Орусиянын Түштүк Кавказдагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерин” жылуу маанайда сыпаа белгилегени менен, Абхазия жана Түштүк Осетиянын эгемендигине байланыштуу маселеде ШКУ тарабынан расмий Кремлге президент Медведев каалагандай деңгээлде колдоо көрсөтүлгөн жок.

8-августка караган түнү Грузия “конституциялык тартипти орнотуу максатында” деп өзү мүнөздөгөн аскердик өнөктүк үчүн жикчил аймагы Түштүк Осетияга аскерлерин жөнөткөн соң, Орусия бир суткага жеткирбестен өз жоокерлерин Грузиянын аймагына аттандырган. Расмий Москва Түштүк Осетия жана Абхазиядагы өзүнүн аракеттерин “геноцидди алдын алуу”, “Грузияны тынчтыкка мажбурлоо”, “орусиялык атуулдарды коргоо” деп түшүндүрдү.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Жаңылыктар бөлүмүнүн улук редактору, казак кызматынын мурдагы директору Мерхат Шарипжандын айтымында, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев саммит болордун алдыңкы күнү Кремлдин Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин таануу тууралуу чечимин ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери колдойт деп ишенимдүү айтканы менен саммиттин чыныгы жыйынтыгы башкача болду.

Орусиянын ынтымакташы, көп маселеде Кремлди колдоп келген Бээжиндин өзүндө дагы Түштүк Осетия менен Абхазияга окшош кыйчалыш кырдаал бар болгондуктан, Кытайдын президенти Ху Цзинтао бул маселеде Москваны колдоого шашылган жок.

Тарыхый жактан Кытайдын Шинжаң Уйгур автономдук району ири Борбордук Азиянын бир бөлүгү болуп, Чыгыш Түркстан деп аталган. Аталган аймакта түрк тилдүү уйгурлар, казактар, кыргыздар жана башка элдер да жашайт. 1991-жылы Советтер Биримдиги урап, Борбор Азия чөлкөмүндө көз карандысыз мамлекеттер пайда болгондон бери Шинжаңдык жикчил уйгур саясатчылары эгемендүүлүк маселесин көтөрүп келүүдө. 15 жылдан бери Шинжаңда эгемендүүлүк үчүн күрөшкөн козголоңчулар менен кытай коопсуздук күчтөрү тез-тез кагылышып келди.

Кытайдын дагы бир “баш оорусу” – Тибет маселеси. Өзгөчө Бээжиндеги Олимпиада оюндарынын алдында Тибеттин көз карандысыздыгын талап кылган нааразылык чаралары, демонстрациялар байма-бай өттү. Андыктан Москванын Грузиянын жикчил аймактары Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендүүлүгүн таанышына ырасмий Бээжиндин “ак же көк” деп дароо үн катышы кыйынга турууда.

Кытайдын бул маселеде тайсалдап турушу ШКУга мүчө борбордук азиялык өлкөлөрдүн лидерлери үчүн бир аз жеңилденүүнү алып келген шекилдүү. Мисалы, Казакстан жикчил мүнөздөгү этностук топ деген эмне экенин жакшы билет. Казакстан расмий түрдө унитардык мамлекет болуп эсептелгени менен, өлкөдө жашаган түрдүү улуттардын саны боюнча Борбор Азиянын эч бир өлкөсү ага тең келе албайт. Советтер Биримдиги кулаар алдында калктын 38 пайызы казактар болсо, азыр казактар саал көбөйүп, 53 пайызды түзүп калды.

Казакстандын түндүгүндө орус улутундагы тургундар басымдуулук кылат. 1980-1990-жылдары мындагы орус улутчулдары өзгөчө жигердүү аракеттенип, ал түгүл Казакстандын түндүгүндө Орусиянын автономдук аймагын түзүү идеясын көтөрүп чыгышкан.

Буга жооп катары казак президенти башка өлкөлөрдө отурукташып калган казактарды мекенине кайтаруу боюнча атайын программаны иштеп чыгып, аны ийгиликтүү ишке ашыра алды. 1998-жылы Назарбаев Казакстандын баш калаасын өлкөнүн түштүгүндөгү Алматыдан түндүгүрөөктөгү Акмоло шаарына көчүрдү, анын атын Астана (“ордо шаар”) деп өзгөрттү.

Казакстандын түштүгүндө казак-өзбек чек ара аймагында да чыңалган кырдаал түзүлгөн учурлар болгон. 2002-жылы Багыс жана Түркстанчы аттуу кыштактарда жашаган казак улутундагы тургундар өз ара макулдашып алып, казак жана өзбек бийлигинин көңүлүн өз көйгөйлөрүнө бурдуруу максатында кыска мөөнөткө өздөрүн “көз карандысыз Багысстан республикасы” деп жарыялашкан.

Өзбекстанда дагы өзүнүн “Түштүк Осетия маселеси” бар. Өзбекстандын түндүк-батышындагы Каракалпакстан автономдук республикасы өзбек бийлигинин түнкү уйкусун бузуп келген көйгөйлөрдөн. Бир жылдары Казакстандын курамына кирген каракалпактар тили жана маданияты жагынан өзбектерге караганда казактарга көбүрөк жакын. Жакындан бери Каракалпакстандын айрым улутчул маанайдагы кичи топтору Өзбекстандан бөлүнүү маселесин көтөрө баштаганы - өзбек бийлигинин тынчсыздануусун жаратууда. Бул жагдай дагы Борбордук Азиядагы жалпы кырдаалды оорлотууда.

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан чектешкен калкы жыш Фергана өрөөнүндө дагы көйгөйлөр чачтан көп. Кыргызстан-Өзбекстан чек арасынын эки жагында тең өзбектер жана кыргыздар отурукташкан. Кыргызстанда өзбек анклавы бар, Өзбекстанда да кыргыз анклавы бар. Тажикстанда дагы өзбектер жана кыргыздар көбүрөөк жайгашкан аймактар бар. Андыктан дүйнө коомчулугу үчүн Грузиянын алкагында саналган Түштүк Осетия менен Абхазия Кремл тарабынан расмий түрдө көз карандысыз деп таанылган соң, нечендеген пост-советтик өлкөлөрдө жикчил маанайдын отуна май бүркүлгөндөй болду.

1996-жылдан бери ШКУга мүчө өлкөлөр өздөрүнүн аймактык бүтүндүгүн тастыктаган бир катар макулдашуулар жана резолюциялар кабыл алып келишти. ШКУнун жикчилдикке жана терроризмге каршы чогуу күрөшүү тууралуу макулдашуулары расмий Бээжинге Шинжаң жана Тибет маселесинде ШКУнун башка мүчө өлкөлөрүнүн колдоосун алууга мүмүкндүк кылып келген. Ушул макулдашууга жамынып, айрым Борбор Азия өлкөлөрү Шинжаңда террорчулук жасаган деп шектелген айрым уйгурларды эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулардын каршылыгына карабастан расмий Кытайга өткөрүп беришкен.

Айтор, дал ушул сыяктуу жагдайлар Борбордук Азия лидерлерин орус президенти Медведевдин каңкуулаган сунушун четке кагып, расмий Бээжин сыяктуу эле Грузиянын жикчил аймактарынын эгемендиги жаатында Кремлден өздөрүн обочо тутууга мүмкүндүк кылды. Серепчилердин айтымында, расмий Бээжиндин Грузия жаатындагы өтө этият саясаты борбордук азиялык лидерлер үчүн асмандан издегени жерден табылгандай эле иш болду.
XS
SM
MD
LG