Кабарларга караганда Ингушетиядагы оппозициялык сайттын кожоюнун жекшембиде Назрандын аэропортунда полиция тарабынан кармоодо башына ок тийген. Алган жаракаттан ооруканада көз жумган. Евлоев Ингушетиянын Кремль колдоп келаткан бийлигин активдүү сындап келаткан адам катары белгилүү эле.