Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

10:50 Жогорку Кеңеште алгачкылардан болуп авиакырсык маселеси көтөрүлөт


Бул тууралуу парламент депутаты Иса Өмүркулов бүгүн “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары эс алуудан келишкенден кийин авиа кырсыкка байланыштуу маселени биринчилерден болуп карашы керек. Анткени кырсыктан жабыр тарткандардын жакындары, жалпы коомчулук Боинг-737 учагынын кыйрашынын себептерин так, ачык билиши зарыл. “Парламентте ошондой эле кышка даярдыктын абалы, электр кубаттуулугунун өчүрүлүшү, учурдагы экономикалык абалдын начарлап кетишине байланыштуу маселелер каралат”,-дейт Өмүркулов. (AJ)

XS
SM
MD
LG