Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

12:02 И.Өмүркулов: “Де-фактону” жабуу менен сөз эриндигине басмырлоо көрсөтүлүүдө


Ошондой эле чындыкты айткан басма сөз өкүлдөрүнө бийлик тарабынан кысым жасалууда жана басылманы жабуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирген Иса Өмүркуловдун айтымында, басма сөзгө кысым жасоо баскычын Кыргызстан буга чейин басып өткөн. “Мисалы, “Республика” гезитинин артынан ушундай ыкмалар менен жабуу аракети, көп суммадагы каражатты моюндарына жүктөп, күч менен төлөтүү аракети көрүлгөн. Анын аягы эмне болгону кыргыз элине маалым”,-дейт Өмүркулов. Буга чейин “Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобековага укук коргоо органдары тарабынан “Атайылап жалган маалымат таратты” деген негиз менен кылмыш иши козголуп, тергелип бүткөн кылмыш ишин өткөн айда Биринчи май райондук соту шаардык прокуратурага кайра тергөөгө жиберген болчу. Шаардык прокуратура кайра тергөөгө негиз жок деп, ишти кайра Биринчи май райондук сотуна кайтарган. (AJ)

XS
SM
MD
LG