Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

12:30 Милициянын полковниги А.Алиевдин өлүмүнө байланыштуу ишти прокуратура кызматкерлери иликтөөдө


Ошондой эле Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыш иштерди иликтөө боюнча башкармалыгы Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кампасынан жоголгон баңги заттарга байланыштуу козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Жогорудагы эки кылмыш ишин иликтөө башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин жана ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жеке көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиршти. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Шавкат Жунусов Ички иштер министрлигинин баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Анвар Алиевдин өлүмүнө шектүү деп кармалып, 30-августта Бишкекке жөнөтүлгөн. Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаевдин маалыматына караганда, Шавкат Жунусовдун жакындары, ага-туугандары ага тартип коргоо кызматы тарабынан кысым көрсөтүлүп жаткандыктан, тергөөнү прокуратурага же Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүп берүү талабы менен Ош облус губернаторуна, Ички иштер министринин Түштүк боюнча орун басарына кайрылышкан. Шавкт Жунусовду жактаган эки жүзгө чукул адам бүгүн дагы жооп күтүп Ички иштер министринин Түштүк боюнча орун басарынын кеңсээсинин жанында отурушат, деп билдирди Токсонбаев. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG