Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

О.МОЛДАЛИЕВ: ПОСТ-СОВЕТТИК ӨЛКӨЛӨРДӨ АБХАЗИЯ, ТҮШТҮК ОСЕТИЯДАГЫДАЙ МАСЕЛЕЛЕР БАР


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Бүгүн Брюсселде Евробиримдиктин чукул чакырылган жыйынында Грузиядагы кырдаал боюнча маселе талкууланат. Биримдик мүчөлөрү тарабынан Грузия-Орусия жаңжалы боюнча тең салмак жана чечкиндүү резолюция кабыл алынары айтылууда. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маектешүүсүнө мына ушул окуяны утурлап кеп куруп берген.

-Орозбек мырза, саламатсызбы. Буга чейин Британиянын өкмөт башчысы Браун бүгүнкү саммитте Орусия Грузиянын аймактык бүтүндүгүн таанууга тийиш жана өз аскерлерин бул өлкөнүн аймагынан толук чыгарып кетүүсү керек деп айтып чыгаарын билдирген. Орусия буга кандай жооп берүүсү ыктымал деп ойлойсуз?

-Евробиримдиктин бүгүнкү жыйынын, алардын позициясын жана Орусия-Грузия акыбалын үч көз караштан кароо керек. Биринчиден, Европалык биримдик жыйырма жети мамлекетти камтып, жалпы саясий союздун этабына өтүп баштагандан бери 2004-жылдан тартып, көп жерлерде тынчтыкты камсыз кылуу милдетин өзүнө алган. Ошол саясаттын негизинде бүгүнкү Брюсселде карала турган маселе козголуп атат. Экинчиден, Орустар өздөрүнүн Чеченстандагы маселесин бүтүргөндөн кийин конфедерация маселесин караган стратегияга өткөн. Орусия өзүнүн айланасындагы мамлекеттерге мамилеси башкача болуп калганы Грузияга кылган акыркы мамилесинен көрүндү. Үчүнчүдөн, Грузия кызгылтым ыңкылаптан кийин сепаратизмди Орусиянын мисалында жоюуга аракет кыла баштаган. Мына ушул Орусия менен Грузиянын бири-бирине каршы саясатынын негизинде Түштүк Осетия чатагы келип чыкты.

Орусия Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын таанып, эл аралык аймактык бүтүндүктү сактоо деген укукту бузуп койду. Ошол эле учурда улуттардын өз алдынча көз карандысыздыкты алууга укугу бар деген көз караш менен караганда туура кадам жасагандай көрүнөт, ошентсе да бул маселе эч убакта күч менен чечилбеш керек эле. Ошондуктан, бул жерде Орусия өз саясатынан кайтат деп айтуу кыйын. Евробиримдик менен өтө катуу карама-каршылык келип чыкты. Евробиримдик Орусияга эч кандай санкция деле колдоно албайт, анткени Европа өлкөлөрү Орусияга газ жагынан көз каранды. Демек, Евробиримдик менен Орусиянын ортосундагы карама-каршылык дагы тереңдеши мүмкүн.

-Орусиянын кезектеги баскынчылыгына бута болушу ыктымал өлкөлөр кайсы мамлекеттер болуусу мүмкүн?

-Жалаң эле Грузия эмес, мурдагы союздук республикалардын көпчүлүгүндө эле Абхазия менен Түштүк Осетиядагыдай маселелер бар. Мисалы, Молдовада. Бул жерде Орусия конфедерация түзүүнүн жаңы моделин карап атат. Андан кийин Азербайжан менен Армениянын ортосунда Карабах маселеси турат, экинчи модель ал жерде колдонулушу ыктымал, аракеттер бар. Конфедерациялар түзүлсө, алардын үстүнөн конфедерация түзөбүз деген стратегия бар. Бул деген мурдагы союзду кайра чогултабыз деген аракет. Ошондуктан мындай коркунуч бар. Бирок Евробиримдик, Батыш өлкөлөрү эл аралык укукту колдонуп, колдоо көрсөтсө, бул коркунуч азаят же жок болушу мүмкүн. Ошол үчүн бул жерде эл аралык колдоонун мааниси өтө чоң.

-Орозбек мырза, сизге чоң рахмат!
XS
SM
MD
LG