Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

ТАЛАС ОБЛУСУНДА КҮЙДҮРГҮ ИЛДЕТИ КАТТАЛДЫ


Таластын Кара-Буура районунда эки адам күйдүргү дартына чалдыгып, ооруканага жеткирилген. Алардын бири оор абалда экени маалымдалды. Жабыркаган бул эки адам жылкы союп, анын этин элге сатканы айтылууда. Облустагы тиешелүү адистердин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча сатылган эт элден кайра чогултулуп, оорунун алдын алуу боюнча иш-чаралар жасалды. Мындан тышкары күйдүргү илдетине каршы алдын алуу иштери жүргүзүлүп, атайын штаб түзүлдү.

28-август күнү Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айылынан 1966-жылы туулган Илгиз Молтоев райондук ооруканага жаткырылса, эртеси күнү ошол эле айылдын тургуну, 1984-жылы туулган Кубат Кожобеков күйдүргү илдетине чалдыккан деп ооруканага жеткирилген. Кара-Буура райондук оорукананын башкы дарыгери Нурдин Усупбековдун айтымында, бул эки оорулуу жылкы союшуп, анын этин айылдын тургундары менен бөлүшкөн. Илдет ошол жылкыдан жугушу мүмкүн деп божомолдойт. “Элге таратылган этти колдон келишинче кайра чогултулуп, өрттөлгөн”, - дейт облустук санитардык эпидемологиялык станциянын башкы дарыгери Жакып Айдаров:

- Эт алган адамдардан этти, терини чогултуп өрттөшкөн, 20 литр солярка колдонушуптур.

Бишкектеги атайын лабораториядан бул ооруну тастыкатай турган так маалымат азырынча келелек. Кара-Буура райондук оорукананын инфекция бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлбара Рысбаева күйдүргү оорусуна чалдыккан эки адамдын абалы тууралуу айтып, биринин ден-соолугу ушул тапка чейин оор абалда экенин билдирди:

- Бир оорулуунун температурасы көтөрүлүп атат. Бүгүн капельницаларды коюп атабыз. Экинчи адамдын оорусу күчөгөн жок, абалы жакшы эле.

29-август күнү Кара-Буура райондук акиминин атайын буйругу чыгып, атайын штаб түзүлгөн. Талас шаардык ветеринария бөлүмүнүн жетекчиси Мырзабек Алишекровдун “Азаттыкка” билдирген маалыматы боюнча облуста ушул эки оорулуудан башка күйдүргү сыяктуу жугуштуу оорулар менен жабыркаган фактылар жок. Айрым маалыматтарга карганда, Кара-Буура районунда мындай илдет биринчи ирээт катталды. Ал эми жалпы Талас облусу боюнча күйдүргү дарты акыркы жолу 1983-жылы катталган.

XS
SM
MD
LG