Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

18:00 Баткенде жаңы окуу жылы мектептерде орун жана мугалимдердин жетишсиздиги менен башталды


1-сентябрь билим күнү Баткен облусундагы 224 мектеп салтанат менен ачылды. Жаңы окуу жылында облус боюнча жүз миңге чукул окуучу билим алышы керек. Окуучулардын тогуз жарым миңи алгач мектеп босогосун аттагандар.
Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук акимчилигинин билим берүү боюнча секторунун башчысы Жамалидин Эшанкулов билдирди. Жаңы окуу жылынын башталышы менен аймактагы мектептерде орун жана мугалимдердин жетишсиздиги курч тейден турууда. Айрыкча мектептердеги окуучуларга орун таңкыстыгы Баткен шаарында байкалууда. Эки жылдан бери мамлекет тарабынан бүткөрүлө турган Баткен шаарындагы мектептин курулушу дале башталбай турат.
Болгону Баткен облусунда 2008-жылы эки мектептин курулушу бүткөн.
Ал эми мугалимдердин жетишсиздиги облус боюнча 517ни түзүүдө. (SA)

XS
SM
MD
LG