Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

ОШ: НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯ УЛАНУУДА


Милициянын полковниги Анвар Алиевдин өлүмүнө жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кампасынан жоголгон ири көлөмдөгү маңзатка шектелген ички иштер кызматкерлеринин эки жүздөй тарапкери эки күндөн бери облус губернаторунун жана Ички иштер министринин Түштүк аймагы боюнча орун басарынын кеңсесинин алдында нааразычылык билдирип турушат. Шектүү деп кармалган жарандарга тартип коргоо кызматы тарабынан кысым көрсөтүлүп жаткандыктан, алар тергөөнү прокуратурага же Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүп берүү талабын коюшууда.

Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маңзатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Эргешбаев, анын орун басары Шавкат Жунусов 4-август түнү ИИМдин маңзат соодасына каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Анвар Алиевдин өлүмүнө жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кампасынан жоголгон маңзатка тиешеси бар деп шектелүүдө. Алмаз Эргешбаев учурда Ош шаардык ооруканасында жатса, Шавкат Жунусов 30-августта Ошто кармалып, Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

Шавкаттын атасы Жусуп Жунусов уулуна карата мамилени репрессия сыңары баалап, тергөө амалдарын прокуратура же Улуттук коопсуздук комитети жүргүзүүсүн талап кылды.

-Репрессия деп ойлойм. 1937-жылдагыдай кылып жатат да. Айылдагылардын баары капа болуп келишти. Милициясы өзүн-өзү тергебей прокуратура же Улуттук коопсуздукка өткөрүп берсин. Биз ошону суранып келдик. Азыр баланы зордуктап алып барып моюнуна коюшка аракет кылып жатат да булар. Берки эки балага моюнуна койгон экен. Менин балам көрсөтмө бериптир.

Алмаздын бир тууган эжеси Чолпон Эргешбаева инисине кысымчылык көрсөтүлүп жаткандыгына нааразыланып, акыйкатттык болбосо эл-журт көтөрүлөөрүн эскертти.

-Жок күнөөнү моюндарына илип жатышат. Эмнеге Анвар Алиевдин өлүмүнө буларды күнөөлүү дейт? Оштон табылган тапанча кандай Бишкекке жетип барат? Элге от жагышпасын. Эмне үчүн менин иним Алмазга кысым көрсөтүшөт? Бийликте отургандын баардыгы кандайча бийликке келгендигин эстешсин. Президентибиз да кандайча бийликке келгенин өзү дагы ойлонсун. Биз деген акыйкатчылыкты талап кылып жатабыз. Болбосо балдарды элибиз менен, тууган уругубуз менен коргоп алууга күчүбүз, алыбыз жетет.

Ички иштер министринин Түштүк аймагы боюнча орун басары Жеңиш Жакыпов нааразылык акциясынын катышуучуларынын талабына макул эместигин билдирип, төмөнкүлөрдү кошумчалады.

-Тергөөчүнүн токтому чыккан. Андыктан бул жерден Жунусов Шавкатты Бишкекке жөнөткөнбүз. Ал жигитти Алиевдин өлүмү боюнча шектүү катарында мыйзамга ылайык үч күн кармашкан. Бүгүн үчүнчү күнү өтүп жатат. Туугандары нааразы болуп бошотуп бергиле дегенге чейин барып жатышат. Эми калганын сот чечет. Бул жерде дагы Эргешбаевдин туугандары кошулуп,туура эмес тергөө жүрүп жатат деп биздин балабызды да карактап жатасыңар деп жатат. Ал Эргешбаевди азырынча эч ким камап да, сурап да эч кандай иш аракет кылына элек.

Жергиликтүү укук коргоочу Абдувахаб Мониевдин баамында, Алмаз Эргешбаев, Шавкат Жунусов наркобарандордун куйругун басып алгандай. Ошол себептүү көз карандысыз тергөө жүргүзүлсө, башка да опурталдуу кылмыштардын бети ачылышы ыктымал.

“-Жүйөөлөрү ар кандай версияларды айтып жатышат. Бирок баардыгы негизсиз. Алмаз Эргешбаев жана Шавкат Жунусовдордун Кыргызстандагы наркобарондорго өтө катуу чечкиндүү күрөшүү жүргүзгөндүгү деп ойлойм. Демек, бул ишке бийликтеги чоң-чоң адамдардын тиешеси бар болушу мүмкүн. Андыктан көз карандысыз, таза, калыс териштириш үчүн Улуттук коопсуздук кызматы же Башкы прокуратуранын кызматкерлери тергесе чындыкты табууга бир топ эле жакшы шарт түзүлмөк”, - деди Абдувахаб Мониев.

Материал уктурууга даярдалып калганда, жогоруда сөз болгон эки кылмыш ишин иликтөөнү Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жеке көзөмөлдөөгө алышкандыгы туурасында Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

XS
SM
MD
LG