Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

АДАХАН МАДУМАРОВДУН ДЕПУТАТТЫКТАН КЕТИШИНИН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?


Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров кечээ депутаттык мандаттан да өз ыктыяры менен баш тартканы белгилүү болду. Мурдагы төрага эмне үчүн мындай кадамга барганын азырынча ачыктай элек. Коомчулукта болсо анын мындан аркы кадамдары тууралуу ар кыл божомолдор айтылууда.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришкенге караганда, Адахан Мадумаров өз ыктыяры менен депутаттыктан кетүү боюнча 28-августта арыз берип, бир күндөн соң анын ордуна “Ак жол” партиясынын тизмесинде 76-орунда турган Жолдошбек Жакыповдун талапкерлиги катталган. БШК кечээки отурумунда бул маселени карап, ага депутаттык мандат ыйгарган.

Адахан Мадумаров эмне үчүн мындай кадамга барганын азырынча ачыктай элек. Бирок анын жакын санаалаштарынын бири, депутат Ибрагим Жунусов ал май айында төрагалыктан кетип жатканда эле депутаттыктан да кетээрин айтканын белгилеп, ошол сөзүндө турду дейт:

- Анын төрагалыктан кетиши үчүн көпчүлүк макул болуп, бир калыс, бир каршы чыкпадыбы. Ошондой болгон соң кайра келип иштегенге моралдык акым жок деп туруп алды да.

Жогорку Кеңешти жетектеп турганда Адахан Мадумаров парламент имаратын оңдоп, жыйындар залын жаңгак уюлу менен каптап чыгуу демилгеси менен чыккан эле. Адахан Мадумаров ошондо имаратты заманбап оңдоо боюнча президент менен сүйлөшкөнүн айтып чыкса, көп өтпөй президенттик администрация жетекчиси Медет Садыркулов, андан соң “Ак жол” фракциясынын ошо кездеги башчысы Элмира Ибраимова да өлкө башчысы мындай оңдоп-түзөөгө каршы экенин айтып чыгышкан.

Мындай билдирүүдөн соң Адахан Мадумаров ошол 22-майдагы парламент жыйынында өзүнө төрага катары ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө маселесин добушка коерун айтып, мындай деген эле:

- Бул жерде өтө ыңгайсыз жагдай төрага менен президенттин ортосундагы маселеге башка кишинин кирип кеткендигинде. Мындай шартта мен башка маселени добушка коем. Мен Мадумаровго Жогорку Кеңештин төрагасы катарында ишеним көрсөтүү, же көрсөтпөө маселесин добушка коем. Мага өкмөт тарабынан да, сот бийлиги тарабынан да бирдей сый мамиле кылууну талап кыламын. Бул менин талабым эмес, бул конституциянын талабы. Эгер мага бир айтып, эки-үч кишиге башканы айтса... бул саясат бизди эч качан жакшылыкка алып барбай турган саясат.

Ошентип жаңгак уюлунан тутанган чатак Адахан Мадумаровдун төрагалыктан кетишине алып келген. Эми анын депутаттыктан да баш тартышы коомчулукта ар кандай божомолдорду пайда кылууда. Айталы мурдагы төраганын эми башка саясий күчтөр менен кызматташууга барышы же бийлик ага дагы бир жогорку деңгээлдеги кызмат бериши ыктымалдыгы тууралуу божомолдор жок эмес.

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев болсо мындай кадамдан ар кандай жүрүштөрдү күтсө болот деген ойдо:

- Анын төрагалыктан алынып, андан кийин депутаттыктан кетиши бийликтин ичиндеги былгып жаткан иштерди, чоң интриганы көрсөтүп турат. Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш, жоокерлер келе берет, кете берет... Бирок принципиалдуу позицияда турган адам болуш керек. Эми мындай кадамдардан ар кандай жүрүштөрдү күтсө болот. Деген менен өлкөдө азыр абал өтө оор.

Парламенттин мурдагы төрагаларынын бири, саясатчы Мукар Чолпонбаевдин пикири болсо төмөнкүчө:

- Бийлик тарабынан кызмат сунушталышы мүмкүн. Бирок Мадумаров ага бараар-барбасы белгисиз. Кыргызда эми ыза көргөн адам көбүрөөк колдоого алынат. Азыр Мадумаров жогор жактан ыза көргөн сыяктуу сезилип жатат. Ал мына ошондон да пайдаланышы ыктымал.

Бирок ошол эле учурда Адахан Мадумаровдун жакын санаалаштарынын бири, депутат Ибрагим Жунусов анын оппозицияга барышы тууралуу божомолдорду четке какты:

- Эми азыр ар кандай сөздөр айтылууда, Мадумаров баланча менен кошулат экен, түкүнчө менен кошулат экен, оппозиция чакырып атыптыр, ошолорго кошулат экен дегендей. Мунун баары жөн эле жалган сөз. Адахан Мадумаровдун оппозицияга кошулайын деген эч кандай ою жок. Азыркы оппозиция менен анын пикири дал келбейт дагы...

Ибрагим Жунусов ошондой эле Адахан Мадумаров депутаттыктан кеткени менен “Ак жол” партиясында кала бергенин, өлкө башчысына эч кандай таарынычы жок экенин кошумчалады. Адахан Мадумаров өзү болсо жакын арада мындай кадамга барышынын себеп-жөнү тууралуу кеңири маек берээрин “Азаттыкка” билдирди.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG