Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

14:00 Б. Наргозуев: Жарандык авиация тармагында жетекчилер алмашмайынча кырдаал өзгөрбөйт


Жогорку Кеңештин депутаты Бегаалы Наргозуев “Азаттыкка” авиация тармагын он жылдап башкарып келаткан жетекчилер алмаштырылбаса бул тармак адам ыйлагыдай абалда кала берет деп билдирди. Тезинен кескин чаралар көрүлүшү керектигин ырастады. Алтымыш беш адамдын өмүрүн алган окуяны көз жаздымда калтырып коюуга болбой турганын баса белгиледи. Б. Наргозуев Кыргызстандын авиация тармагы кара тизмеге киргенден кийин бир жылдын аралыгында бул тизмеден чыгарса боло тургандыгын, авиапаркты жаңылоо үчүн кыргыз өкмөтү он үч миллион доллар акча бөлгөнүн, бирок ал да пайдаланылбай калганын билдирди. Ушунун өзү эле транспорт менен Жарандык авиация тармагындагы башкаруучулардын иш деңгээлинен кабар берет, деди депутат. Жарандык авиация департаментинин башчысы Алик Аскаров "Азаттыкка" бул айтылгандардын баарын төгүнгө чыгарды. (EBM)

XS
SM
MD
LG