Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

“ИТЭК ЭЙР” АВИАКОМПАНИЯСЫ ЖАБЫРКАГАНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШАТ


Айгүл Жунушалиева, Бишкек 24-августта Жаңы жер айлынын аймагында Боинг-737 аба учагы кыйроого учураган. Жарылган учактагы жүргүнчүлөрдүн ылтымыш беши каза болуп, жыйырма беши ар кандай жаракат алып аман калган. Ушул тапта атайын өкмөттүк комиссия бул окуянын чоо жайын иликтеп, каза болгондордун сөөктөрүн аныктоо уланууда. Ал эми 1-сентябрда өлкө президенти Курманбек Бакиев өкмөттүк комиссиядан авиакырсыктын себептерин иликтөөнү тездетүүнү өтүндү.

Кыргызстандын “Itek air” авиакомпаниясына таандык Боинг-737учагы ушул жылдын 24-августунда “Манас” аэропортунан алыс узабай жерден көтөрүлгөндөн 13 минутадан кийин кулап түшкөн. Учакта 83 жүргүнчү, анын ичинде Ирандын 50дөн ашык, Кыргызстандын 20дан ашык жараны, Канаданын, Казакстандын, Түркиянын, Кытайдын атуулдары жана экипаждын 6 мүчөсү менен Жарандык авиация департаментинин бир кызматкери болгон. Жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргызстандын баскетбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы курама командасы да бар эле. Тегеранга бет алган учактагы токсон жүргүнчүнүн алтымыш беши каза болуп, аман калган жыйырма беш жүргүнчүнүн көбү №4-ооруканага жаткырылган. Учурда алардын экөө дарыланууну улантууда. Бул тууралуу оорукана жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабеков “Азаттыкка” буларды айтты:
-Бүгүнкү күнгө чейин ал кырсыктан жабыркаган төртөө дарыланып жатышкан. Бүгүн Адиев Байыш менен Жанышты үйүнө чыгардык. Алар келип-кетип дарыланып турушат. Ал эми Сергей Беляев менен Бахтияр Кадыровдун абалы стабилдүү. Сергейдин омурткасына операция жасалган. Операция кудай жалгап ийгиликтүү өттү.

Кырсыктын чоо-жайын иликтөө максатында өкмөттүк комиссия түзүлүп, учурда каза болгондордун сөөктөрүн аныктоо улантылууда. Он адамдын сөөгүн аныктоо үчүн алардын туугандарынын каны Ирандагы Адамды генетикалык изилдөө борборуна жөнөтүлдү. Лабараториялык изилдөөнүн жыйынтыгы 3-сентябрда белгилүү болоору күтүлүп жатат. Эртең кырсыктан көз жумгандардын туугандары менен “Itek air” авиакомпаниясынын өкүлдөрү жолугушат. Ишкана каза болгондор үчүн алардын жакындарына камсыздандыруу каражатын төлөп бериши керек. Аталган компаниянын өкүлү билдиргендей, ал каражаттын суммасы азырынча тактала элек.

-Эртең биз кырсыктан жабыркагандардын туугандарын чогултуп жатабыз. Аларга ЗАГСтын кызматкерлери, юристтер эртерээк керектүү документтерди алганга жардам берип, баардык суроолор боюнча жооп беришет. Каза болгондор үчүн канча өлчөмдө камсыздандыруу каражаты берилээри да такталат.

Мындан тышкары кырсыктан каза болгондордун үй бүлөлөрүнө өкмөт акчалай жардам берди. Бул тууралуу эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Эргешова билдирди.

-Авиакырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берүү максатында өкмөттүн токтому чыккан. Ал боюнча, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги каза болгон он эки адамдын үй бүлөсүнө 100 миң сомдон материалдык жардам көрсөттү.

Ошондой эле авиакырсыктан каза болгондор жана жабыркагандардын үй бүлөлөрүнө жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын банктык эсеп ачылган.

XS
SM
MD
LG