Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

БАНГКОКТО ЧУКУЛ КЫРДААЛ КИРГИЗИЛДИ


Оппозиция менен бийликти колдогон митингдин катышуучуларынын ортосунда орун алган кагылышуулардан улам Тайланддын борбору Бангкокто чукул кырдаал киргизилди. Кабарларга караганда, башаламандыктардан бери дегенде бир адам набыт болуп, дагы бир канча киши жаракат алды.

Тайланддын өкмөт башчысы Самак Сунтаравет (Samak Sundaravej) чукул абал киргизилгендиги тууралуу мамлекеттик үналгы жана сыналгыда билдирди.

Бүгүн (2-сентябрда) таңга маал өкмөттү колдогон жана ага каршы болгондор ортосунда кагылышуулар орун алып, башаламандыктардан бир адам набыт болуп, 44 киши жаракат алды.

26-августта миңдеген адамдар “коррупцияга малынды” деп өкмөттү айыптап, анын мүчөлөрүнүн кызматтан кетишин талап кылып, Бангкоктогу өкмөт үйүнүн алдына митинге чыгышкан.

Оппозициянын митинги башка региондорго жайылып, акциянын катышуучулары темир жол ишин үзгүлтүккө учуратып, аймактык үч аба майданынын (аэропорттун) жабылышына себепчи болушкан.

Тайланддын өкмөт башчысы Самак Сунтаравет чукул кырдаал киргизүүгө мажбур болгонун айтат:

- Жашоо өз нугунда өтө берет, бирок биз премьер-министрдин кеңсесинде болгон окуяга кириптер кылган адамдарга карата чара көрүүгө укугубуз бар. Бул – маселени чечүүнүн жалгыз жолу. Биз чукул кырдаал киргизүүгө тийишпиз.

Самак Сунтаравет өлкөдөгү саясий кризисти жөнгө салуу үчүн куралдуу күчтөрдүн, полиция жана мамлекеттик кызматчылардын жетекчилерин камтыган атайын комиссия түздү.

Чукул кырдаалга ылайык, коомдук тартипти армия колго алып, Бангкокто ар кандай коомдук жыйындарга жана митингдерге тыюу салынды. Бирок өлкөнүн армиясынын башкы жетекчиси, генерал Анупонг Паотинда кризисти жөнгө салуу үчүн аскер күчү колдонулбай турганын жана төңкөрүш да болбостугун айтты.

Самак Сунтараветтин өкмөтү 8 ай мурда шайланып, бийликке келген. Ага чейин бир жылдан ашык убакыт бою өлкөнү аскердик жетекчилик башкарып турган болчу.

Самак Сунтаравет оппозициянын өкүлдөрүн өкмөт үйүнөн чукул арада чыгып кетүүгө чакырды:

- Нааразылык чаранын катышуучулары өкмөт үйүнөн чыгышы керек. Алар мындан кетип калышы зарыл. Бул жер алар үчүн эмес. Эч кимдин бул жерде алар жасагандарды кайталоого акысы жок.

Бирок өлкөдөгү кырдаалга байкоо салгандар бардыгы премьер-министр Самак Сунтаравет айткандай оңой-олтоң бүтүп калчудай эмес экенин белгилешүүдө.

Оппозициялык маанайдагы “Демократия үчүн элдик ынтымактын” мүчөлөрү премьер-министрди кызматынан кетүүгө мажбурлагысы келет. Тирешкен тараптардын эч бири оңой-олтоң жеңилдикке барчудай эмес.

Нааразылык чарасын уюштургандардын айтымында, Самак Сунтаравет өлкөнүн мурдагы премьер-министри Таксин Чинаватранын “көлөкөсү” болуп, анын атынан иш алып барууда. 2006-жылы аскердик төңкөрүштөн кийин ошол кездеги өкмөт кызматтан кетирилип, андан бери Таксин Чинаватра Британияда бозгунда жашап келет.

Оппозициялык “Демократия үчүн Элдик ынтымакка” негизинен Тайланддын шаардык орто катмары кирет. Алар шайлоо жолу менен келип алып, коррупцияланган саясатчылардан чарчашканын айтышууда.

Нааразы болуп, митингге чыккандар батышчыл башкаруу системасына каршы болуп, бул система элет жерлеринен келип алып, добушту сатып алууга ык койгон саясатчылардын коррупциялык айла-амалдарына жол ачып берди деп санашууда. Алар мыйзамчылардын көпчүлүгүн дайындоо керек деп санашат.

Премьер-министр Самак Сунтаравет болсо оппозициянын талабына моюн сунбай турганын байма-бай айтып келет.

Ал “Тайландда демократия биротоло курулганын дүйнө коомчулугуна далилдегиси” келээрин айтат. Расмий түрдө алганда, Тайланд – конституциялык монархия жана такта отурган падышанын бийлиги расмий түрдө чектелүү болгону менен, иш жүзүндө ал чексиз кадыр-баркка ээ.

Падыша Пумипон Адулядет (Bhumibol Adulyadej) - мамлекет башчысы, куралдуу күчтөрдүн башчысы, бутрапас (буддизм) тарапкери жана Бардык диндердин тарапкери болуп саналат. Тай элинин көпчүлүгү падышаны өздөрүнүн жарым-жартылай кудайындай көрүшөт.

Расмий түрдө падыша саясатка аралаша албайт, бирок иш жүзүндө ал 62 жылдай такта отурган мөөнөтү ичинде бир нече ирээт талаштуу саясий маселелерге аралашкан. Айтмакчы, Бангкоктогу нааразылык иш-чараларынын катышуучулары “Падышабыз үчүн өлүмгө барууга даярбыз” деп ураан чакырышууда.

XS
SM
MD
LG