Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:02

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Быйыл май айында Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен Адахан Мадумаровдун депутаттыктан да өз ыктыяры менен баш тартканы кечээ (1-сентябрь) белгилүү болгон. Адахан Мадумаров мындай кадамга барышынын себептери, мындан аркы аракеттери, эми “Ак жол” партиясынын да катарынан чыгаары тууралуу кыргыз тилдүү маалымат каражаттарынан алгач “Азаттыкка” кеңири маек куруп берди.

-Адахан мырза, кечээ сиздин депутаттыктан өз ыктыярыңыз менен баш тартканыңыз белгилүү болду. Депутаттык ишиңизди улантууну эмне үчүн туура көргөн жоксуз?

- Эгер мен иштеген жерде көз караштарыбыз дал келбей турган болсо, кесиптештер же болбосо пикирлештер, санаалаштар түшүнбөй кыйналып аткан болсо, анда мен өзүмдү да, аларды дагы кыйнабашым керек. Андай жерде иштебей, баш тартууну туура деп эсептейм.

- Эми бир аз артка кайрылсак, төрагалыктан кетишиңизге чын эле парламенттин имаратын оңдоо маселеси себеп болдубу, же башка саясий себептер да барбы?

- Анын себебин мага караганда силер жакшыраак түшүнүп турасыңар. Парламенттин имаратын оңдоо деген бул көптөн бери катуу тиреш болуп келаткан маселенин жыйынтыгы катарында ошого шылтоо болуп бергенге жакшы аракет болду. Бул маселе комитеттердин төрагалары менен, фракциялардын жетекчилери менен, президент менен да, премьер министр менен да макулдашылган эле. Кийинки жылы кудай буюрса кыргыз парламентинин 85 жылдык мааракеси болот, ошого карата сырттан келген кишилерге уят болбогондой даражага жеткирип коюу максаты болгон. Бул маселе көп талкууланып, бардыгы тарабынан колдоого алынган. Аны шылтоо катарында кабыл алсаңар болот.

- Парламенттин ишмердүүлүгүнө сиз төрага катары кандай салым кошо алдым деп ойлойсуз?

- Мен өзүмө-өзүм баа бере албайм, менин кесиптештерим жана бүтүндөй Кыргызстандын журтчулугу бериш керек андай бааны. Талапты гана катуу коюп, темирдей бекем тартипти талап кылдым. Кайсы бир деңгээлде аппаратын кызматкерлери да “биз дагы адамбыз” деп көкүрөгүн көтөрүп басып калышты. Ар бир жеке инсан дал өзүнөн баштап мыйзамга түздөн-түз, кыйшаюусуз баш ийүүсүнө жасалган аракет болду. Ким болсо ошол болсун, бирок мыйзам кыйшаюусуз так аткарылышы керек.

- Айрым талдоочулар Өмүрбек Текебаев менен сиздин төрагалыктан кетишиңиздин окшоштук жактары бар экенин айтышып, муну бийликке ыңгайсыз, болочокто президенттикке талапкер катары көргөн төрагаларды кетирүү ыкмасы катары баалап жатышат. Сиздин оюңузча, чын эле Өмүрбек Текебаев менен сиздин төрагалыктан кетишиңиздин окшоштук жактары барбы?

- Коркконго кош көрүнөт дейт. Эгерде кандайдыр бир чечкиндүү аракеттер жасалган болсо, өзүнөн-өзү чочулоонун эч кандай кажети жок. Мен төрага болуп иштеп турганда президиумда деле айтпадым беле, “эмне болсо ошол болсун, эптеп эле башым аман калса, ушул жерде отура берсем болду” деген турмушту мен четке кагам деп. Экинчи жагы айтышы мүмкүн эми айтып атат деп, эсиңиздерде болсо вице премьер-министр болуп турган кезимде, ХИПК программасына киребиз дегенде жөрмөлөп барып бирөөнүн жугундусун ичкенден көрө, тикеден туруп ачкадан өлгөн жакшы деп айткам. Дал ошол кезде башталган бул тирешүүлөр. Өкмөт башчынын орун баары болуп туруп ХИПК программасына өкмөттүн жыйынында ушундай түздөн-түз каршы чыккан эмне деген маселе деп. Адам ар дайым эркин болуп, өзүнүн пикирин өзү билдирип жүрүшү керек. Көптөгөн маселелер болгон, аны сыртка чыгаруунун кажети жок. Ошонун арасында мүнөз дал келбей калган болсо, башка болгон болсо, ал маселе башка.


- Эми мындан аркы кадамдарыңыз кандай болмокчу?

- Кадамдар - жашоо. Мен 17 жылдан бери эс алган эмесмин. Ошондуктан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бир аз тыныгуу жарыялап, быйылкы жайды мүмкүн болушунча бала-чакага, үй бүлөгө арнаганга аракет кылдым. Анан ар дайым Мадумаровду эч ким башынан же желкесинен көтөрүп чыгарган эмес. Биринчиси Кудайдын буйругу, экинчиси элдин колдоосу болуп келген. Элдин талабын аткарууда ар дайым бир багытта турабыз, иштей беребиз.

- “Ак жол” партиясынан да кетесизби?

- “Ак жол” партиясынын чечими, тизме менен келгенде, биз ушул иштерди аткарабыз, ушундай жол менен барабыз деп көптөгөн жоопкерчиликтерди алып алгам. Эгер ушул жол менен кете турган болсо жакын арада саясий кеңешине дагы кат жиберем, партиянын катарынан чыгарып коюу жөнүндө.

- Сиздин кетишиңиз менен “Ак жол” партиясындагы жиктелүү, ажырымдын белгиси көрүнүп калды деген сөздөр да чыгып кетти. “Ак жол” партиясынын келeчегин кандай көрөсүз?

- Мен ал партияга баа бербей эле коеюн, туура эмес болуп калаар. Себеби ал партиянын ишмердиги, башка бир аракеттери жөнүндө, шайлоо мезгилинде бүтүндөй элди аралап жүргөндө кандайдыр бир үмүт отторун жандырганбыз. Ошолор аткарылбай калганда көкүрөгүндө намысы бар азаматтар бар болгон болсо өзүлөрүнүн баасын өзүлөрү берсин. Саясий кеңеши бар, дагы бир кандайдыр бир уюмдары болсо керек, ошолор берсин, анан эл берет өз баасын. Азыр этикага жатпай калат, бийликтен кеткенден кийин эле оппозицияга өтө калып, эртеси күнү эле эртең менен ойгонуп, көзүн ачса дүйнөнү башка көз менен карап калгандай, асмандан түшкөндөй болуп чочуп кеткен позицияларды дагы көп жактыра бербейм. Тескерисинче, сойлоп, жөрмөлөп жүрсөң дагы ал жерден кетпейм, тырмышып алсам деген позицияны дагы жактырбайм. Дал ошол сыяктуу партияга ак деп да, көк деп да айпайм. Баасын, баркын кыргыз калкы өзү берсин.

- Сиздин “Единый Кыргызстан” аттуу партияңыз бар экени да белгилүү. Бул партиянын мындан аркы тагдыры кандай болмокчу?

- Кыргызстандагы көптөгөн саясий партиялар кандай болгон болсо, дал ошондой болот.

- Өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий абалга кандай баа бересиз?

- Көпчүлүгү эле айтып атышпайбы, күзүндө тигиндей-мындай, толкундоолор болот экен деп. Мен ага таптакыр каршымын. Тополоңдордон эки тарабы тең, бийлик тарабы да, оппозиция тарабы да андан жабыр тартышпайт ачык айталы. Негизи эле Кыргызстандын эл аралык аренадагы кадыр-баркына доо кетиши мүмкүн. Дагы эле жанагы туруктуулук жок дегендей, карапайым калктын гана башына кыйынчылык түшүшү мүмкүн. Саясий оюн болуп аткан жерде эки тарабы тең утулбайт, муну оюн катарында кабыл алып коюшу мүмкүн. Кудай ошондон сактасын. Ар кандай аракеттер бардыгы конституциянын, мыйзамдардын негизинде болушу керек. Тиги тарап өзүнүн нааразычылыгы болсо аны цивилизациялык жол менен коюш керек. Мына цивилизациялык жолуна түштү, башка эч нерсе кылалбайт деп текебердикке салбастан, бийлик дагы кулагын түрүп анча-мынча жыйынтыктарды чыгарыш керек. Негизи Кыргызстанда тынчтык, амандык болсун, эң негизги байлык - биримдик.

- Оппозициялык күчтөрдүн азыркы абалы боюнча эмне айта аласыз?

-“Өзүндү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло”, - дейт. Оппозиция алсызданды, оппозицияын баарынын эсебин таап койдук деген божомолдордун баары жаңылыштык. Бир топ күчтөр болушу мүмкүн. Бирок ар кандай күчтөр, ар кандай саясий партиялар болбосун биргелешип иштегенге аракет кылыш керек. Бир күн уруш болгон жерден 40 күн береке качат дейт. Жетишет го дейм, кыргыздар эки тараптуу болуп алып, мен кыйынмын деп бири-бирине муштум кезегендери. Бардыгында акыл-эси менен мекенин сүйүү сезими болгон болсо, элим менен жерим үчүн деген болсо, мына ошондой жолдорго барыш керек. Текебердиктин бул жерде эч кандай кереги жок.

- Сиз төрагалыктан кеткенден кийин президент менен сүйлөшө алдыңызбы?

- Мени коллегаларым бир эмес эки жолу “сүйлөштүрдү”. Бир эмес эки жолу Москвага “алып барып” Путин менен “жолугуштурду”, кайсы бир мамлекетке элчи кылып “дайындап” жиберишти. Эми эл оозунда элек жок дейт, ошону атайын удургутуп чыгарып аткан азамат бар, ачык айтканда президенттин администрация башчысы. Аскар Акаевдин тушунан берки өзүнүн мыкты өткөргөн мектебинен өтүп атат, «мени эч ким жазалай албайт», деп ойлоп жүрөт…

- Президент тарабынан өз деңгээлиңиздеги кандайдыр бир кызмат сунушталса барасызбы?

- Мен айткан жерим бар - каным жериме азык болсун, каруум элиме казык болсун деген. Эгерде кандайдыр бир жүрөгүмө, пикириме, дитиме дал келбеген чечимдерди аткарууга милдеттүү болбосом, жыйнаган тажрыйбам эл менен мамлекет үчүн керек боло турган жер болсо элиңе өмүр бою кул болуп иштегенге даярсың да.

- Мындан аркы саясий кадамдарыңызга да кененирээк токтоло кетсеңиз. Сизди алдыдагы президенттик шайлоодо талапкерлердин бири катары көрө алабызбы?

- Кыргызда улуу сөз бар, келечекте эмне болоорун, кирпик какканча эмне болуп кетээрин жараткандан башка эч ким билбейт дейт. Биз кыргыздар күздөн жазга чейин, жаздан күзгө чейин, шайлоодон шайлоого чейин деп жашап калбадыкпы. Ошондуктан экинин биринен эле президенттик шайлоого барасыңбы десе, «барам!» дейт. Конституциянын талабы боюнча президент 5 жылга шайланат. 2010-жылга чейин эмне деген окуялар болот, эмне деген суулар агат, эмне деген күндөр өтөт... Мындай бир реалдуу, сабаттуу саясат жүргүзгөнгө көнүшүбүз керек менимче. Ар бир нерсе өзүнүн мезгили келгенде гана болушу керек.

- Сиз эмгек жолуңузду журналист катары баштагыныңыз белгилүү. Маегибиздин соңунда эми кеп нугун өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына бурсак. “Де-факто” сыяктуу айрым эркин гезиттердин чыкпай калышы боюнча пикириңиз кандай?

- Сөз эркиндиги дегенде эки тараптуу жоопкерчилик болот. Сөз эркиндиги деген ойго келгенди жаза берсек болот, анын далилинин кажети жок деп кабылдабаш керек. Ушуну туура эмес жазып коюптурсуң, маалымат туура эмес таралып калыптыр десе эле сөз эркиндигине басым жасалууда деген нааразычылыктар да көп айтылып келет. Адилеттик үчүн айтайын, бир тарап эч качан күнөөлүү болбойт, күнөө эки тарабынан тең кетет. Мына мен жөнүндө эмнелерди гана айтпады, эмнелерди гана жазбады кесиптештер. Мен бир да бир гезитти сотко берейин, же башка деген оюм болгон эмес. Сөздүн жоопкерчилиги өтө чоң. Өтө абайлаш керек, өтө этият болуш керек, чээнден чыгып кетпеш керек. Бардык нерсени маданияттуу түрдө жүргүзсө болот. Сенсация деп анын аркасынан кууп алган дагы туура эмес. Бирок ушуну жазып койсом, мага эртең көз карашы туура эмес болуп калат экен деп коркуунун да кажети жок. Ошондуктан жоопкерчилик эки тараптуу болуш керек. Сөз эркиндиги менимче салыштырмалуу түрдө айтканда, башка мамлекеттерге караганда бизде кудайга шүгүр эле. Айтам дегенин айтат, жазам дегенин жазат...

- Маегиңизге рахмат!
XS
SM
MD
LG