Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

ЕС-ОРУСИЯ: ТУУРАЛАНГАН ТУРУМ, ТУШАЛГАН ӨНӨКТӨШТҮК


Брюсселде Евросоюздун чукул саммити Москваны жазалоону жактаган Британиянын, Балтика өлкөлөрү менен Польшанын талабын колдогон жок. Биримдиктин мүчөлөрү болгону Орусия менен жаңы өнөктөштүк келишимин бир топ кийинки мезгилге калтырды жана Москваны Грузиядан аскерлерин толук чыгарып кетүүгө чакырды. Акыркы эки талапты орус жетекчилиги таң кала кабыл алышты.

Стратегиялык өнөктөштүккө байланышкан сүйлөшүүлөрдү Евросоюз убактылуу токтотууну чечкенине Россиянын тышкы иштер министрлиги өкүнүч билдирди. Мындан тышкары Москва “Грузияда тең-барабар күч колдонбогону тууралуу” кептерге да макул болгон жок. Брюссель саммитинин документтеринде Грузиянын, аны курал-жарак менен жабдыгандардын аракеттерине тийиштүү баа берилбегенин министрлик “бир беткей позиция” деп атады.

Орусиянын Евросоюздагы туруктуу өкүлү Владимир Чижовдун айтымында, Брюсселдин айрым тыянактары “дарегинен адашкан” жана “олдоксон саясий ишаара” болду. “Кыязы, сүйлөшүүлөргө даярдануу үчүн аларга убакыт керек сыяктанат, ошондуктан муну алар жасалма түрдө аскер күчтөрүн 7-августка чейинки позицияларга алып кетүү маселесине алып барып байлашты, анын үстүнө кеп кайсы аскер бөлүктөрү тууралуу болуп жатканын да так көрсөтө алышкан жок”, - деп айтты Чижов дүйшөмбү күнү Брюсселде кабыл алынган чечимдерге өз пикирин билдирип.

Ошол учурда Чижов саммиттин жыйынтыктарынан Москва үчүн эч кандай деле дүмөктүү жышаандарды көрбөгөнүн моюнга алды. “Эгер биримдик Россия менен мамилелерин кайра карап чыккысы келсе, бу – анын укугу, Россия да ушундай эле мааниде өзүнүн Евросоюзга байланышкан саясатын оңдоп-жөндөп чыга алат”,- деп билдирди орустардын туруктуу өкүлү. Чижов Кавказдагы жаңжалды жөнгө салуу ишине Евросоюздун кошулгусу келгенин кубаттап, “биримдиктин лидерлеринде жалпысынан тетик акыл бар экенине” алымсынганын кошумчалады.

Алдыдагы дүйшөмбү күнү Москвага Франциянын президенти Николя Саркози келет. Бу сапар маалында, орус тышкы иштер министрлиги ырастагандай, кризисти жөнгө салуу планы, аны жүзөгө ашыруу жолдору кенен-чонон талкууланат. Француз президентин Еврокомиссиянын төрагасы Жозу Мануэл Баррозу менен Евросоюздун тышкы саясатынын жетекчиси Хавер Солана коштоп келишет жана делегация Тбилисиде да болот. “Грузиядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча узак мөөнөттүү ар кандай тынчтык чечим бул өлкөнүн көз карандысыздыгына, суверенитетине жана территориялык бүтүндүгүнө негизденүүгө тийиш”, - айтты Саркози Брюсселдеги саммитте.

Саркози Абхазия менен Түштүк Осетиянын статусуна байланыштуу Орусия өз позициясын билдиргенге укугу бар экенин белгиледи, бирок Москванын жакындагы чечимин Евросоюз колдобой турганын да ырастады.

Евросоюз саммитте Грузияга жардам көрсөтүүнү чечти. Муну шейшемби күнү еврокомиссарлардын бири Бенита Ферреро-Валднер бышыктады. Бул максатта Брюсселде донорлордун жыйыны чакырылат, азырынча маселе тактала элек. “Грузия макроэкономика чөйрөсүндө тыкыр жардамга муктаж экенин билебиз,- деп айтты еврокомиссар грузин премьер-министрине. – Бу маселени биз караштырып чыгабыз”.

Бардык чаралардын арасынан еврокомиссар эки тараптын ортосунда эркин соода зонасын түзүүнү, виза режимин жеңилдетүүнү маанилүү маселе деп атады жана бул иштер чукул арада баштала тургандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG