Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Кабарларга караганда, Ооганстанда акыркы 30 жыл ичинде аягы көрүнбөгөн согуштук жаңжалдардан жана саясий туруксуздуктан улам зордуктоо өңдүү кылмыш кеңири жайылганы менен, зордуктоонун курмандыгы болгондор жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү эскичил көз караштагы коомдо өмүр бою уят болуп өтүүдөн коркуп, кылмыштын изин жаап-жашырууга аракет кылып келишет. Бирок өткөн бир нече апта ичинде зордуктоонун бир нече курмандыктары президент Хамид Карзайга кайрылышып, Карзай болсо зордукчу кылмышкер катаал жаза алышы керек деп билдирди.

Ооганстандын түндүгүндөгү Тахар вилайетинде жашаган өспүрүм кыз сүйлөөгө араң гана чамасы жетип, көз жашын токтото албай эчкирип, бир нече эркек аны мылтык кезеп коркутуп-үркүтүп зордуктаганын айтат:

- Алар мени үч күн – үч түн зордукташты. Мен өзүмдү акылыман адашчудай сезип жаттым. Алар мени ичимдик ичүүгө мажбурлашты. Мен тура албай койдум. Алардын колунда мылтыктары, бычактары бар болчу. Алар ушунчалык ташбоор жана мыкаачы эле. Мен кайра-кайра кыйкырып жана шолоктоп жаттым, бирок алар буга көңүл бурушкан да жок.

Ооганстандагы аялдардын жана балдардын укугун коргоо топторунун маалыматына караганда, жүздөгөн кыздар жана аялдар согуштук жаңжал тыйылбаган өлкөдө зордуктоонун курмандыктары болуп келет.

Шейла Самими – аялдардын көптөгөн уюмдарынын башын бириктирген Ооганстан аялдар тармагы (Afghan Women’s Network) аттуу топтун мүчөсү. Анын айтымында, ушул жылдын башында үч айдын ичинде эле зордуктоо боюнча 112 кылмыш иши катталган, курмандыктардын көбү 17 жашка толо элек кыздар.

Көпчүлүк окуялар Ооганстандын түндүгүндөгү Сари Пол, Жовзжан жана Тахар вилайеттеринде катталган. Бирок укук коргоочу Самиминин айтымында, Ооганстандын башка аймактарында дагы миңдеген кыз-келиндер жана эркек балдар зордуктоонун курмандыктары болуп келет, бирок алардын көбү муну ачыкка чыгарууну каалабайт. Себеби эскичил көз караштагы ооган коомунда зордуктоонун курмандыгы болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү “өмүр бою уят болуп жүрөбүзбү” деп куру намыска алдырышат.

Кылмыш тууралуу үн катпоонун дагы бир себеби бар. Ооганстандагы укук коргоочулардын айтымында, көпчүлүк учурда кылмышка баргандар - өкмөт мүчөлөрүнө же куралдуу топторго таянган таасирдүү адамдар.

Бирок соңку учурларда айрым курмандыктардын үй-бүлө мүчөлөрү акыйкат издеп, кылмышкерлерге жазасын берүү өтүнүчү менен сотко кайрыла башташты.

Жеке менчик сыналгы каналдарда зордуктоонун курмандыктары жөнүндө атайын берүүлөр обого чыгарылды. Анда өспүрүм кыздар жана алардын үй-бүлөлөрү жүрөктүн үшүн алган баштан өткөргөн окуяларды айтып беришкен.

Ооганстандын Сари Пол вилайетинде куралдуу беш эркек тарабынан зордукталган 11 жашар кыздын ата-энеси аны коргой албаганы үчүн намыстанган бардык үй-бүлө мүчөлөрү өз жанына өзү кечкиси келген учурун эскеришет.

Мына ушул өңдүү жана башка окуялар сыналгыдан көрсөтүлүп, аялдардын укугун коргогон уюмдардын интернет баракчаларында жайгаштырылгандан кийин ооган президенти Хамид Карзай зордуктоонун эки курмандыгы жана алардын жакындары менен жолугушту. Карзай кылмышкерлер өз жазасын алаарын айтты, ал эми өлкөдө мындай кылмыш үчүн айыптуу табылгандар өлүм жазасына өкүм кылынат.

Август айынын башында президент Карзайдын мындай билдирүүсүнөн кийин Сари Пол вилайетинде коопсуздук кызматынын жетекчиси жана жергиликтүү полициянын төрт ири аткаминери кызматынан бошотулган болчу.

Тахар вилайетинде полиция өспүрүм кыздарды зордуктоого тийешеси бар алты кишини камакка алган, алардын катарында чек ара кызматынын аткаминерлери дагы бар.

Ооганстан аялдар тармагы (ANW) тобунун өкүлдөрү өлкөнүн вице-президенти Ахмад Зиа Масуд менен жакында эле жолугушуп, өкмөт кылмышкерлерди жазалап, нечендеген башка айымдарды болочоктогу зордуктоодон коргоп калууну өтүнүштү.

Аталган топтун демилгеси менен ооган мамлекеттик сыналгысы күн сайын зордуктоо жана аялдарга карата башка кылмыштар тууралуу атайын берүүлөрдү чыгарып турду. Берүүнүн авторлору адатта талкууга полициянын өкүлдөрүн, жогорку кызматтагы аткаминерлерди жана жергиликтүү жамааттардын аттуу-баштуу өкүлдөрүн чакырышат.

Ооганстан аялдар тармагы уюмунун мүчөсү Шейла Самиминин айтымында, аталган уюм кылмышкерлердин сот жообуна сөзсүз тартылышына жетишүү үчүн бийликке кысым жасоо максатында жалпы улуттук өнөктүк баштады.

Мындан сырткары уюм аялдарга өз укугун түшүндүрүү аракетин дагы көрүүдө. “Биз өзүң менен өзүң болуп, унчукпайстан сыздап отура бергенден көрө полицияга бар” деп айтабыз, деди Самими. Бирок ушуга карабастан көпчүлүк кылмышкерлер өз жазасын албай кутулуп кала берүүдө.

Айрым учурларда түрмөгө отурган кылмышкерлер паралап отуруп абактан чыгууга жетишет. Мындай учурда зордукталгандардын үй-бүлө мүчөлөрү кылмышкерлердин өч алуу аракетинен жабыр тартышы да ажеп эмес, дейт Самими айым:

- Ооганстанда натыйжалуу иштеген полиция системасы калыптанып бүтө элек. Ооганстан согуштук жаңжалдардан кийин жаңыдан бутуна тура баштаган өлкө, мындай өлкөлөрдө көптөгөн көйгөйлөр бар. Бизде мыйзамдар иштебейт, андыктан, маселен, депутат өзүнүн баласын соттоого жол бербейт. Анын бийлиги жана таасири бар, зордукталган кыз даттана турган болсо анын үй-бүлөсү үчүн кандай кесепеттер башталаарын айтып, бечараларды коркута алат.

Жакында эле Жовзжан вилайетинде бир өспүрүм кыз апасы экөө жергиликтүү полицияга кайрылышкан. Ал коңшусун зордуктады деп айыптап, аны жазага тартууну өтүнгөн. Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Ооган кызматынын кабарчысына өспүрүм кыз буларды айтып берди:

- Анын мага карата жасаганы өтө ыплас иш болду. Мен өкмөт бул адамды өлтүрүшүн каалайт элем. Бирок өкмөт мени укпай жатат.

Ооганстандагы аялдардын укугун коргоочулар бул өспүрүм кыз жана ага окшогон миңдеген жазыксыз кыздар акыр аягында сот акыйкаттыгын табаарына жана бийлик аларды коргой баштаарына үмүт артышат.
XS
SM
MD
LG