Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

Грузия Дмитрий Медведевдин Михаил Саакашвилини «саясий өлүк» деп атаган сөзүнө каяша айтты


Грузиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Александр Ломая AFP кабар агенттигине, президент Медведев «кордогон» жана «чектен чыккан» сөздөрдү айтты деп , аны өзүн кармай албаган адам катары сыпаттады. Саакашвили демократиялык жол менен шайланган лидер жана грузин калкы менен эл аралык коомчулук аны кеңири колдоодо, деп белгилеген Ломая. Орус президенти Дмитрий Медведев Россиянын сыналгысында сүйлөгөн сөзүндө Москва үчүн грузин режими кулады, Саакашвили жок болду деп айткан болчу.

XS
SM
MD
LG