Бул тууралуу Бишкек шаардык №4-оорукананын жетекчиси Сабырбек Жумалиев “Азаттыкка” билдирди. Кечээги күнгө чейин ушул жылдын 24-августунда “Манас” аэропортунун жанында кулаган учактагы аман калган жүргүнчүлөрдүн төртөө дарыланып жатышкан. С.Жумабековдун айтымында, алардын экөө-Адиев Жаныш менен Байыш үйүнө чыгарылды. Эми алар келип-кетип дарыланып турушат. Ал эми Сергей Беляев менен Бахтияр Кадыровдун абалы стабилдүү. С.Беляевдин омурткасына ийгиликтүү операция жасалган.(AiJu)