Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

ООГАНСТАНДАГЫ АБАЛГА ТИЛМЕЧТЕРДИН ДА КЕСИРИ ТИЙҮҮДӨ


Ооганстанда коалициялык күчтөр жергиликтүү калк, айрыкча элет жериндеги айылдыктар менен тил табышмак турсун кээде аларды жазыксыз эле кармап-камап, атүгүл жаза тайып бомбалап алган учурлар көп болот. Бул ишке, айрым байкоочулардын айтымында, котормочулардын салымы чоң болууда.

Залмай Зармутай теги жагынан жергиликтүү пуштун тайпасынан, бир нече тилде,анын ичинде англисче эркин сүйлөйт, ушу тушта НАТОлуктарда тилмеч болуп иштейт. Өз кесиптештерине анын таптакыр ичи чыкпайт, анткени чала моңол тилмечтер көп ишти чаташтырып, кээде коалициянын аскерлери менен тургун калкты чабыштырып койгон учурлар аз болбойт. Чет жактан келгендер болсо, айрыкча жаш котормочулар жергиликтүү элдин үрп-адатын, каада-салтын билбейт. Андан калса Ооганстанда алмустактан бери эле калк ар башка тилде сүйлөйт, келгиндерди мындай кой, кээде алар бирин бири түшүнбөй калышат.

“Эгер Кандагарга же Орузганга, болбосо Забол менен Пактиага барсаңыз, калктын көбү дари тилин билбейт, - дейт Зармутай. – Ал эми Бадахшанда же Тахарда, тетирисинче, пушту тилин түшүнбөйт. Бу аймакка коалициялык күчтөр кокус пуштун тилмечи, же түштүктөгү кыштактарга дари тилмечи менен барып калышса, эмне болорун элестетип көрсөңүз болот”.

Айрым тилмечтерди Зармутай өз партиясына, уруусуна жана улутуна ачыктан-ачык жан тартат деп эсептейт. НАТОлук аскерлердин операциялары маалында алардын бейжазык жаткан калкка кесири тийген учурлары да аз болбойт. Пуштундардын арасында, мисалы, такай көчүп-конуп жүргөн Кочи уруусунун бир кыштоосун тилмечтердин бири талиптердин лагери деп которуп берген экен, коалиция аларды аз жерден бомбалап коё таштады.

“Жакында эле бир кыштак жаңылыш бомбаланып, токсондой киши өлдү. Кийин териштирип чыкканда ал да тилмечтердин каталыгынан болгону аныкталды”,- дейт Зармутай.

Америкалык жана НАТОлук аскери чиновниктер менен катардагы жоокерлер деле айылдык тургундардан же аксакалдардан алынган маалыматтарды тилмечтер кээде так эмес которуп, анын айынан оңтойсуз абалда калган жагдайлар болуп жатканын жашырышпайт.

Бул темада атайын даректүү фильм тарткан британдык киночу Жон Макхю тилмечтер билинбей отуруп бийликтердин далдалчысына айланып кетишкенин,алар көп учурда тигил же бу тараптын сөздөрүн толук которбой, өздөрү ылайык көргөндөй мааниде түшүндүрүп коюшарын ырастады.

Маселеге акыры Пентагон астейдил кунтун салып, мурда бул ишке жалаң америкалык тилмечтерди жалдап келсе, соңку үч жылда аларды негизинен жергиликтүү калк арасынан тандап-таап, атайын курстарда окутуп-даярдап, кесиптик камылгасын бышыктай баштады. Мындай практиканы кризистерди алдын алуу боюнча эл аралык уюмдун өкүлү Ник Гроно туура кадам деп баалады. Анткени маданият ортосундагы айрымачылыктар жана өз ара түшүнбөстүк Ооганстандагы эл аралык күчтөр үчүн чоң проблема экени калетсиз. Бу абалды жеңилдетүүгө тилмечтер чын эле чоң салым кошо алышат.

XS
SM
MD
LG