Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

ОППОЗИЦИЯНЫН КҮЗ КҮРӨШҮНӨН МАЙНАП ЧЫГАБЫ?


Бүгүн (3-август) оппозициялык күчтөрдүн “Акыйкат үчүн!” кыймылынын жыйыны болуп, анда Кыргызстандын өнүгүү концепциясы талкууланат. Бул тууралуу кыймылдын кечээ өткөн кезектеги жыйында айтылды. Жыйында ошондой эле октябрь- ноябрь айларынын аралыгына болжолдонуп жаткан Элдик курулутайды уюштуруу маселелери талкууланып, атайын штаб түзүлдү. Анын башында кыймылдын ишин координациялап турган Аликбек Жекшенкулов турмай болду. Ал эми бийликчил көз караштагы саясатчылар оппозиция күчтөрүнүн курултай өткөрүү сыяктуу демилгелеринен эч майнап чыкпастыгын айтышууда.

“Акыйкат үчүн” кыймылы оппозициялык күчтөрдүн биригип, өлкөдө мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүүгө багытталган саясый реформаларды жүргүзүүнү, президенттин, парламенттин жана башка бийлик бутактарынын милдеттенмелерин кайра карап чыгууну көздөөдө. Кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов маселен, өлкөдөгү азыркы кырдаалды эске алганда оппозициялык күчтөр бийликтин саясатын өзгөртүү үчүн биригип, чечкиндүү, принципиалдуу кадамдарды жасай турган кез келгенин айтат:

Бышып жетти, убакыт келди. Азыр ар бир адам өзүнүн баскан жолун, жасаган ишин, келечегин ойлоп иш кылсак. Бири бирибизге таарынышпай, амбициябызды таштап, жалпы иш кылалы. Элди ойлоп, мамлекетибизди, кыргыз элинин турмушун оңойбуз деген эң негизги максатыбыз болушу керек.

Жекшенкуловдун белгилешинче, мамлекеттик башкаруу ушул эле нукта улана берсе, өлкөдө кырдаал оорлоп, бул бара-бара кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жок болуп кетүү коркунучуна алып барат. Өздөрүнүн мындан аркы ишмердүүлүгүн ушундай жагдайга жол бербөө максаты менен байланыштырып жаткан оппозиция бийликке таасир этүү үчүн кандай кадамдарды жасары тууралуу так маалымат бере элек. “Акыйкат үчүн” кыймылынын кечээки жыйынында белгиленгенге караганда, күзгө белгиленип жаткан курултайда бийликти ашкерелөөгө белсенген маселелер көтөрүлчүдөй. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин пикиринде курултай бийликке ишеним көрсөтпөөнүн башталышы болот:

Бүгүнкү бийликке коомдук ишеним көрсөтпөөнүн башталышы бул курултай. Эгерде арабыздан бирөөгө кызмат сунушталып ал катарыбыздан чыгып калса ал өзүнө балта чапкан болот.

Аталган жыйынга кеңешчи катары катышкан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алманбет Матубраимовдун көз карашында, адегенде оппозиция принципиалдуу маселелерди аныктап, багытты белгилеп алышы керек, “бийлик кетсин” деген курулай сөз оппозицияга ийгилик алып келбейт:

Элдин ичинде мүдөө көп. Кызматтан кеткенине байланшытуу болобу, башкага болобу таарынып калгандар көп. Ошондон жогору болуп, принциптерди коюп гана иштешибиз керек. Жалпысынан айтканда, биз азыр келип эле бул күнөөлү дегенде эртең башкасы келет да.

Кыймылдын мүчөлөрү болсо ириде курултайды уюштуруу маселелерине, анын ичинде курултайды колдой турган жарандык кыймылды түзүү маселесине көбүрөөк маани беришти жана бул багытта иштерди күчөтүү кыймылдын мүчөлөрүнө тапшырылды. Бул “Реформа үчүн” кыймылынын деңгээлине чыгуу максаты менен байланыштырылды.

Ошол эле мезгилде оппозициялык жыйында өзүн-өзү сындоо жыйыны өкүм сүрдү. Ириде айрым саясатчылардын позициялары, реформачыл кадамдары басаңдап кеткендиги айтылды. Оппозициялык күчтөрдүн ортосунда бирдиктүү позицияны камсыздоо үчүн меморандум иштеп чыгуу маселеси да көтөрүлдү.

Анткен менен бийликчил саясатчылар жайкы тыныгуудан кийин ишин жанданта баштаган оппозициянын күтүлүп жаткан кадамдарын өздөрүнө көңүл бурдуруунун кезектеги чарасы катары сыпатташууда. Маселен “Ак жол” партиясынан парламенттеги депутаты Бейшенбек Абдырасаковдун баамында, оппозияция лидерлеринин курултай өткөрүү демилгесинен майнап чыгышы күмөн. Ал мындай пикирин “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:

Бул курултайды өткөргөндө бизде Токтогул суу сактагынчында суу толуп калбайт да. Шаардык кеңешке шайлоонун алдында саясат күчөйт, кычайт дегендей, бул убактылуу гана көрүнүш деп ойлойм. Шайлоо бүткөн соң бул да токтойт.

Ошентип, “Акыйкат үчүн” кыймылы кеч күзгө болжоп жаткан курултайдын күн тартибин келерки отурумдарында талкуулашмай болду. Бул маселе ошондой эле 15-сентябрда өтөөрү күтүлүп жаткан кыймылдын Коомдук парламентинде башкы маселелердин бири катары каралат. Ага чейин оппозиция курултайды уюштуруучу топторду аныктап, жарандык кыймыл түзүү менен алектенчүдөй.

XS
SM
MD
LG