Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

"ДЕ-ФАКТОНУН" ТАГДЫРЫ КЫЛДЫН КЫРЫНДА


“Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобековага байланыштуу сот жараяны Бишкек шаардык сотунда ушул апта ичинде каралат. Бирок азырынча кайсы күнү болоору так айтыла электигин Чолпон Орозобекованын жактоочусу Нина Зотова билдирди. Коомчулукта болсо бийлик сот аркылуу эркин басылмаларды жабуу аракетин көрүп, сөз эркиндигине кысым жасалып жатат дешүүдө. Ал эми тергөө амалдарын жүргүзгөн прокуратура өкүлдөрү гезитке байланыштуу иш мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөндүгүн, бул ишти саясатташтыруунун кажети жок экендигин айтууда.

«Де-факто» гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекованын жактоочусу Нина Зотова аталган басылмага жана анын жетекчисине сот тарабынан өтө эле күчөтүлгөн, ашкере чаралар көрүлүп жатканына кабатырланганын билдирди:

- Билесизби соттор бир эле дарттын азабын чегишүүдө. Качан аларга карапайым калктын арасынан абийирине жана ар намысына доо кетти деп кайрылышканда, соттор моралдык чыгым үчүн беш, он миң сомдук айып пул тагышат. Ал эми мамлекеттик кызматтагылар же таасирлүү адамдар кайрылышканда соттор миллион сом айып пул тагуунун эбин табышат. Бул “соттордун миллиондук” деген оорусу.

Жактоочу Зотованын пикирин колдогон айрым байкоочулар жана укук коргоочулар сот аркылуу бийлик “Де-факто” менен “Алиби” гезиттерин жабууга аракет кылып, сөз эркиндигине карата кысым жасоодо деп баалашууда.

Ал эми Бишкек шаарынын прокурору Айбек Турганбаев “Де-фактого” байланыштуу ишти саясатташтыруунун кажети жоктугун, бул иш мыйзамдын чегинде тергелип, сотко ашырылганын маалымдады.

- Факт турат. Макала гезитке басылып чыккан. Макаланы жарыя кылган адамдар турат. Ал эми гезитке макаланы берди деген Замира Молдоева аттуу адам деги эле бул жаратылышта жок. Ал болгону “псевдоним”.

Экс-спикер Адахан Мадумаров “Азаттыкка” берген маегинде дагы “Де-факто” гезитинин айланасындагы маселеге азыноолак токтолуп, сөз эркиндиги деп эле далили жок макалаларды жаза берүүнүн кажети жоктугун, сөз эркиндигине карата маалымат каражаттары менен бийлик экөө тең жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу керектигин айтты.

Медиа өкүл Илим Карыпбеков болсо “Де-факто” менен “Алиби” гезитинде так эмес маалымат кеткени үчүн басылмалар жооп беришерин, бирок мындан бийлик басылмаларга өтө эле оор чара колдонуп жатканын кошумчалады.

- Бийлик болсо ошол кичинекей катаны эскертүү жасап же кичинекей айып тагып койбостон, тескерисинче ошону менен колдонуп гезитти түп орду менен жок кылып коюшту.

Илим Карыпбеков белгилегендей “Де-факто” жана “Алибиге” байланыштуу иш, өлкөдө сөз эркиндигине өтө терс таасирин тийгизди.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев болсо сөз эркиндигине кысым жасоо үч жылдан бери бийлик тарабынан көрүлүп келаткан атайын саясат деп эсептейт.

- Бул бир күндө эле боло калган окуя эмес. Бул акыркы үч жылда болуп келаткан атайын саясат. Мына биринчи бир катар телевидениелерди жапты. Андан кийин анча-мынча радиолорду жапты. Эми гезиттерди жаап жатат. Азыр бийлик ким каршы сүйлөп, ким каршы жазса эле ошол басылмаларды жабууда. Азыр мен угуп жатам “Де-фактонун”башкы редакторуна жеке өзүнүн өмүрүнө да коркунуч туулуп атат деп. Эгерде басмадан чыксаң биз сени жоготобуз деп коркутуп-үркүтүүлөр болуп атыптыр. Мына биз эмнеге жетип калдык.

Темир Сариев “Де-фактого” карата бийликтин сот аркылуу көрүп жаткан аракеттерин, жалпы эле массалык маалымат каражаттарына карата көрсөтүлүп жаткан кысым катары бааларын кошумчалады.

Буга чейин Биринчи май райондук соттун чечими менен “Де-факто” гезити президенттин иниси Жаныш Бакиевдин баласы Асылбек Салиевден гезит бети аркылуу кечирим сурап, анын ар-намысы үчүн 1 млн сом айып пул төлөп берүүгө милдеттендирген эле. Ошондой эле басылмага дагы 1 млн сомдук айып пул Салык жана төлөмдөр боюнча мамлекеттик инспекциянын доо арызынын негизинде салынган. Андан кийин Бишкек шаардык салык тармагындагы коррупцияга байланыштуу макаланын негизинде Биринчи май райондук соту “Де-фактого” 2 млн. сом айып пул төлөө тууралуу чечим чыгарган. Ал эми гезит редактору Чолпон Орозобековага сот чечимин аткарбагандыгы үчүн деген айып менен кылмыш иши козголуусу мүмкүн экендигин соттук аткаруучулар бир нече ирээт эскертишкен.
XS
SM
MD
LG