Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Кипрдин лидерлери сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын башташты.


Аралдын грек жана түрк бөлүктөрүнүн президенттери Димитрис Кристофиас жана Мехмет Али Талат узак жылдарга созулган жаңжалга чекит коюп, экиге бөлүнүп калган аралды бириктирүү боюнча Никосияда Улуттар уюмунун буфердик тилкесинде жолугушту. Сүйлөшүүгө БУУнун Кипр боюнча жаңы дайындалган өкүлү Александр Даунер да катышты.
1974-жылы Түркия Афины жетектеген төңкөрүшкө жооп иретинде Кипрди ээлеп алганда, арал бөлүнүп калган. 2004-жылы кипрдик гректер Улуттар уюму сунуш кылган биригүү планын жалпы элдик референдумда четке кагышкан.
Ал эми түркиялык киприоттордун көбү долбоорду колдоп добуш беришкен.

XS
SM
MD
LG