Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Дагестанда Абдулла Алишаев деген журналист кол салуунун натыйжасында көз жумду.


Махачкала шаарынын милициясы маалымдаганына караганда, белгисиз эки адам Алишаевди кечээ кечинде атып кетишкен. Журналист Дагестандагы исламчыл экстремизмге каршы турган адам катары белгилүү болчу.
Шейшембиде Түндүк Кавказда дагы бир журналистке кол салуу орун алды. Налчикте “Газета Юга” гезитинин кызматкери Милослав Битоковду сабап кетишти. Анын кесиптештери жергиликтүү бийликти сындаган макалалардын авторун буга чейин бир нече ирет коркутуп-үркүтүшкөнун айтышат.
31-августта Ингушетияда Магомед Евлоев аттуу журналист атып өлтүрүлгөн.
Эл аралык уюмдар анын каза болушу Орусиядагы басма сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканын далилдейт деп белгилешкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG